鶹ý

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - LAS Командасы жана Окутуучулар

LAS Командасы жана Окутуучулар

Данияр Үсөнов

Окуутучу

Искусство, гуманитардык илимдер жана коммуникация бөлүмү

 

Эл. почта: [javascript protected email address]

Кабинет: 415

 

Данияр Үсөнов Борбордук Азиядагы Америка университетинин “Эркин өнөр жана илимдер” факультетинин окутуучусу. Ал Киото университетинде Эл аралык долбоорлорду башкаруу боюнча МВА даражасына (2019-ж., Япония) жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында “Эл аралык жеке укук” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен магистр даражасына ээ (2014-ж., Кыргызстан). Ошондой эле Кыргыз улуттук университетинде “Мамлекеттик башкаруу” адистиги боюнча бакалавр даражасын артыкчылык диплому менен алган (2004, Кыргызстан).

Данияр БААУдагы эмгек жолун 2024-жылдын август айында баштап, “Укуктук жана этикалык ишкердик”, “Ишкердик ой жүгүртүү” жана “Дипломдук иштердин семинар сабактары” боюнча курстарды окуйт. Ал ошондой эле Кыргыз-Япония Соода-өнөр жай палатасынын бизнес-ассоциациясынын тең негиздөөчүсү жана байкоочу кеңешинин мүчөсү жана JICA бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөсү болуп саналат. Ал Япония Өкмөтүнүн (2016-2019) “MEXT” стипендиясынын алуучусу жана IVLP бүтүрүүчүлөрүнүн стипендиясынын ээси. Ошону менен катар “Impact Award 2023” атайын сыйлыгынын ээси дагы болуп саналат.

  • MEXT стипендиясы
  • IVLP сыйлыгы
  • Ишкердик экосистемасын куруу
  • Ишкердик финансы
  • Санариптик ишкердик
  • Дипломдук иштердин семинары II
  • Ишкердик ой жүгүртүү
  • Укуктук, этикалык ишкердик

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028