鶹ý

Борбордук Азиядагы Америка Университети - БААУ - КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМ

КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМ

БААУ студенттердин жетишкен ийгиликтерине колдоо көргөзүү үчүн бакалаврдын бардык программаларында арзандатуулардын бир катар түрүн тартуулайт. Каржылык колдоо БААУнун интернационалдык жана мотивациясы күч студенттик коомчулукту өнүктүрүүдөгү приоритеттерин чагылдырат. Өз кезегинде мындай коомчулук өз потенциалын жогорку билимдин жардамы менен ачып, жеке жогорку академиялык жана карьералык максаттарына жетүүнү көздөйт. БААУда каржылык колдоо алуу боюнча арыз менен кайрылуунун оңой жолу каралган. Анын негизинде учурдагы жана болочок студенттерибиз каржылык колдоонун бардык түрлөрүнө оңой жол менен арыз бере алышат.


Университет каржылык колдоону студенттердин каржылык абалына жана академиялык жетишендиктеринин негизинде берет. Арзандатууга абитуриенттер жана БААУнун
Кыргызстандагы жана чет өлкөдөн келген студенттери талапкер боло алышат.

Арыз берүү процессинин тартиби:

1-кадам: Жеткиликтүү бардык арзандатуулар менен таанышып чыгуу жана сизге ылайык келгенин тандоо
2-кадам: Арзандатуунун талаптары жана арыз берүүнүн мөөнөттөрү менен таанышуу
3-кадам: Атайын форманы толтуруу жана зарыл болгон документтерди чогултуу
4-кадам: Толтурулган форма менен зарыл болгон документтердин баарын каржылык колдоо боюнча кеңсеге тапшыруу

Сурап-билүү үчүн:

 Каржылык колдоо боюнча кеңсе аркылуу университетке тапшыруу admissions@auca.kg
 Кызматтардын административдик борборуна билим алуунун акысын төлөө service@auca.kg
 ЖМА жана стипендиалдык программага тапшыруу nga@auca.kg


Магистратурага тапшырып жаткандар үчүн арзандатуулар тууралуу маалыматтарды алуу үчүн өтүнүч сиз тапшырып жаткан департамент менен байланышыңыз
()

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028