鶹ý

Дарина Дудникова, ЖРТ-2024түн Алтын Сертификатынын Ээси

Дарина Дудникова, ЖРТ-2024түн Алтын Сертификатынын Ээси

3&Բ;сентября&Բ;2024

ЖРТ-2024түн Алтын Сертификатына ээ болгон №65 Экологиялык-экономикалык лицейдин бүтүрүүчүсү Дарина Дудникова БААУга окууга өтүү тарыхы менен бөлүшүп, ошондой эле эмне себептен “Экономика” факультетин тандаганын айтып берди.

– Алгач өзүңүздү тааныштырып, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

Саламатсызбы? Менин аты-жөнүм - Дарина Дудникова, 20 жаштамын, Бишкекте төрөлүп-өскөм. 2022-жылы №65 Экологиялык-экономикалык лицейди окуп бүтүрүм. Мектепте физика сабагына кызыкчумун, республикалык жана бир катар олимпиадалардын байге ээсимин. Физика сабагына болгон кызыгуум жогорку класстарда Ольга Алексеевна Якимовская аттуу таланттуу мугалимимдин таасиринин негизинде жаралган. Мага убакыт жана көңүл бургандыгы үчүн ага чексиз ыраазымын. Мындан тышкары бала кезимден тарта сүрөткө тартуу, сууда сүзүү жана китеп окуу абдан жагат. Тилекке каршы учурда буга убакыт таппай келем. Анан да итимди аябай жакшы көрөм, ал биз менен 7 жылдан бери чогуу.

– Эмне себептен дал БААУга окууга тапшырууну чечтиңиз?

БААУ тууралуу мектепте окуп жүргөндө эле көп уккам. Жогорку класстарда Ачык эшиктер күнүндө болгом. Ошондо эркиндик жана кабыл алуу атмосферасы жаккан. Буюрса келечекте чет өлкөлөрдө билим алгым келет, ошондуктан англис тилинде окуу мүмкүнчүлүгү менин БААУну тандоомдо чоң роль ойноду.

– ЖРТнын Алтын сертификаты тандооңузга кандай таасирин тийгизди?

Алтын сертификат болбосо башка ЖОЖго документтеримди тапшырууга туура келмек. Анткени биздин чакан үй-бүлө үчүн мейли арзандатуу болсун, келишимдик негизде окуу акысын төлөө чоң кыйынчылыктарды жаратмак. Андыктан мен пландарымдын ишке ашкандыгы үчүн абдан кубанычтамын.

– “Экономика” факультетин тандаганыңыздын себеби?

Факультетти тандоо мага оңойго турган жок. Анткени буга чейин бир багытты тандап, тилекке каршы анда ийгиликке жете алган эмесмин. Бирок көпкө ойлонуп экономика факультетине токтолдум. Өз аналитикалык жөндөмдөрүмдү дал ушул тармакта колдоно алам деп эсептейм жана байланышуу ыкмаларымды өнүктүрө алам деп ойлойм.

– БААУда 4 жылдык билим алуудан эмнелерди күтөсүз?

БААУда билим алуу учурумда иш жүзүндө колдонула турган ыкмалардын кенен спектрине ээ болом деген үмүттөмүн. Алардын негизинде ийгиликтүү карьера куруп, жашоодогу кыйынчылыктар менен кубанычтарды тең бөлүшө турган жакшы досторду табам деген ойдомун. Бул менин ЖОЖдо окуу боюнча алгачкы тажрыйбам болуп жаткандыктан, бул тажрыйбам жакшы натыйжа алып келүүсү үчүн колдон келген нерселердин баарын жасайм.

– БААУга окууга тапшырууну каалап жаткандар үчүн сиздин кеп-кеңештериңиз.

Менин абалыма окшош учурга кабылгандарга колдоо айткым келет. Ал жактан кетип, андан баш тартуудан коркпоо керек. Жактырбаган нерсеге жашооңду коротуудан ашкан кайгылуу нерсе жок болсо керек. “Ийгиликтүү ийгилик” жана миллиондорду иштеп табуу мүмкүнчүлүктөрү жаш куракта абдан азгырыктуу көрүнөт. Бирок мындай түгөнгүс жарыш абдан чарчатат. Бир нерсени унутпаш керек: келечектүү жакшы жумуш эс алуу жана моралдык жактан калыбына келүү болгон учурда гана мүмкүн. Болочок абитуриенттерге каалоого жараша туура тандоо билүү керек экендигин эскертем. Эмнени каалап жаткандыгыңды так аныктоо маанилүү. Айтор өз work-life balance`ыңды таап, күтүлбөгөн учурлардан да эң мыкты нерселерди көрө билүү керек.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028