鶹ý

БААУда магистратураБААУда магистратура

БААУда магистратураБААУда магистратура

16&Բ;августа&Բ;2024

Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) – америкалык система боюнча билим берүүнү сунуштаган гуманитардык илимдер тармагындагы баарына кеңири таанымал лидер. QS 2024 рейтингине ылайык, БААУ – Кыргызстандын мыкты университети жана Борбордук Азиянын мыкты университеттеринин ондугуна кирет. БААУнун магистратурасы Эл аралык стандарттардын талабына жооп берген билим алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берүү менен бирге кесиптик жана инсандык жактан өсүү үчүн жаңы горизонтторду ачууга шарт түзөт.

БААУда магистратуранын он программасы бар:

  • Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү
  • Журналистика
  • Борбордук Азияны иликтөө (MACAS)
  • Педагогика
  • Укук (LLM)
  • Психология
  • Социология
  • Бизнести башкаруу (МВА)
  • Таланттарды башкаруу жана уюмдарда адамдык потенциалды өнүктүрүү (ТАЛАНТ)
  • Экономика

БААУдагы магистратуранын негизги артыкчылыгы болуп студенттердин алмашуу программасы эсептелет. Бул Америка, Европа жана Азиянын алдыңкы ЖОЖдорунда билим алуу үчүн эшиктерди ачып, анын негизинде студенттер баалуу Эл аралык тажрыйбага гана ээ болбостон, ошондой эле тил ыкмаларын жакшыртуу менен чет өлкөлөрдө кесипкөйлүк байланыштарын бекемдейт.

Магистратурага окууга кирүү жана билим алуу – бул карьералык перспективаларды бир кыйла жогорулаткан кадам. Магистратура атаандаштык күчтүү болгон чөйрөгө зарыл болгон билимдер менен ыкмаларды берип, тандалып алынган тармакта адистешүү жана айлык акысы жогору жана жооптуу кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратат. Кесипкөйлүк жактан өсүп-өнүгүү билимдердин тынымсыз жаңыланып туруусун талап кылган тез өзгөрүп жаткан ааламда магистратура ийгиликке жетүү үчүн башкы курал болуп баратат.

БААУ жөн гана дипломду эмес, а өз тармагыңда адис болуу, Эл аралык тажрыйба алуу жана ийгиликтүү карьера курууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. БАУУнун магистратурасын тандоо – бул дүйно жүзү боюнча таанылган сапаттуу билим берүүнү тандоо жана сиздин кесипкөйлүк жашооңуздагы жаңы баскычтын башталышы.

БААУнун магистрдик программалары жөнүндө кенен маалыматтар: .

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028