鶹ý

“Педагогика” магистратурасы

“Педагогика” магистратурасы

8&Բ;августа&Բ;2024

“Педагогика” магистратурасы - бул бүтүрүүчүлөрү экилик дипломго (Бард Колледждин магистрдик даражасы жана кыргыз мамлекеттик үлгүсүндөгү диплом) ээ болгон Борбордук Азиядагы жападан жалгыз педагогикалык программа.

Программанын максаты болуп Борбордук Азиядагы педагогикалык өнүктүрүүнүн глобалдык багыт алган программасын ишке ашыруу болуп саналат. Ага ылайык, анын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстан жана Борбордук Азиянын жаңы муунун тарбиялоодо маанилүү роль ойноосу каралган.

Бул эки жылдык программа онлайн-лекциялар менен кадимки күндүзгү окутуудан туруп, бул өз кезегинде студенттерге билим алуу менен жумушту айкалыштырууга шарт түзөт. Уюштуруунун мындай жолу ошондой эле Бард Колледждин окутуучулук курамын тартууга да жол ачат.

Программа тууралуу анын жетекчиси, профессор Тамо Чаттопадхай “TV15 – Кыргызстан” телеканалына курган маегинде кеп курат.

Программа жөнүндө кошумча маалымат:

ioe@auca

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028