鶹ý

“Борбордук Азияны иликтөө” магистрдик программасы

“Борбордук Азияны иликтөө” магистрдик программасы

6&Բ;августа&Բ;2024

#MACAS

“Борбордук Азияны иликтөө” магистратурасынын (MACAS) студенттери Борбордук Азиядагы учурдагы жана болуп өткөн социалдык, саясий, экономикалык жана маданий процесстерди иликтейт.

Программанын бүтүрүүчүлөрүнөн аймакта көз карандысыз иликтөө жүргүзүү жана адистик боюнча иштөө үчүн жергиликтүү тилдердин бирин билүү талап кылынат. Ошондой эле алар Борбордук Азия тууралуу болгон жана болочокто боло турган маалыматтарды баалоо, анализдөө жана сын көз-карашта аңдап-билүү боюнча өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алуусу кажет. Бул интерактивдүү программа магистранттарга окутуудан практикага жана практикадан окутууга өтүү мүмкүнчүлуктөрүн түзүп берет.

Программанын бүтүрүүчүлөрү Борбордук Азияны иликтөөгө басым жасоо менен гуманитардык илимдер боюнча доктордук программаларга (PhD) окууга тапшырууга бирдей даяр болушат. Же болбосо жергиликтүү же башка чет тилдерди билүү талап кылынган тармактарда эмгектенүүгө, ошондой эле башка квалификациялык талаптарга жооп бере алат. Мисалы мамлекеттик, дипломатиялык кызматтарга, Эл аралык уюмдарга, журналистика тармагында иштөөгө да жөндөмдүү болушат.

Мындан тышкары программа жергиликтүү студенттерге Борбордук Азияны таштап кетпестен туруп, гуманитардык илимдер тармагында мыкты илимий даражаларды алуу уникалдуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Программаны аяктаган магистранттар каалаган тармакта жогору бааланган батыштык академиялык кат, изилдөөлөр жана сын көз-карашта ой жүгүртүү сыяктуу ыкмаларга ээ болушат.

“Борбордук Азияны иликтөө” магистратурасы жөнүндө толук маалымат: .

macas@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028