鶹ý

“Юриспруденция” магистратурасы

“Юриспруденция” магистратурасы

5&Բ;августа&Բ;2024

#law#IBL/LLM

“Юриспруденция” магистрдик программасы жөнүндө анын жетекчиси Камила Матеева айтып берет.

БААУнун юриспруденция боюнча магистрдик программасы (LL.M.) юриспруденция тармагында кесипкөйлүк билимдер менен ыкмаларды алып, Борбордук Азия гана эмес, ошондой эле Эл аралык деңгээлде атаандаштыкка туруктуу юрист болууну сунуштайт. Сабактар практикалык тажрыйбасы бар америкалык, европалык жана борбор азиялык профессорлор тарабынан өткөрүлөт. Чакан топтордогу сабактар магистранттардын өз дараметин толук түрдө ачуусун камсыздайт. Билим алуучулар заманбап технологиялык жана китепканалык ресурстарга мүмкүндүк алышат.

Программа алмашуу программалары аркылуу чет өлкөлөрдө окутуудан өтүү, БААУда бир жыл окугандан кийин өнөктөш окуу жайларда (Индиана унвиерситетинин Маккини укук мектеби, АКШ; Миколас Ромерис университети, Литва; Европалык гуманитардык университет, Литва; Аризона университети, АКШ) экилик диплом алуу жана укук тармагында Борбордук Азия менен катар Эл аралык деңгээлде ийгиликтүү карьера куруу мүмкүнчүлүктөрүн тартуулайт.

Магистранттарда АКШда юридикалык практика менен алектенүү үчүн лицензия алуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

Программа тууралуу кенен маалымат: .

llm@auca.kg, law@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028