鶹ý

GREEN YOUTH CUP`тын финалы БААУнун Мейкерспейсинде

GREEN YOUTH CUP`тын финалы БААУнун Мейкерспейсинде

2&Բ;августа&Բ;2024

БААУнун Мейкерспейси окутуу-конструктордук борборунда инвестициялык бизнес-акселератору тарабынан өткөрүлгөн GREEN YOUTH CUP жашыл чечимдер үчүн инкубациялык программасынын финалы болуп өттү.

Accelerate Prosperity – бул Борбордук жана Түштүк Азияда Ага Хан фондунун өнүктүрүү боюнча глобалдык демилгеси (AKDN). Ал чакан жана өсүп жаткан ишкерликке, жаңы жумуш орундарын түзүү жана экономиканы бекемдөөгө дем-күч берет. Демилгенин өнөктөшү болуп АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги USAID саналат.

Программага катышуу үчүн 181 өтүнмө келип түшүп, компаниялаладын баары Ысык-Көл, Нарын, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын өкүлдөрү болду. Тандоодон 32 компания өтүп, демонстрациялоонун алгачкы күнүндө 26 компания катышты. Финалга ар кандай тармактардагы (экология, медицина, айыл-чарба, тамак-аш өндүрүшү жана башкалар) бизнес-долбоорлорду камтыган 14 компания чыкты.

Программанын бардык катышуучулары сертификаттарга ээ болушту. Мындан тышкары өнүгүү үчүн техникалык колдоо көрсөтүү убада кылынган 6 компания аныкталды. Алар: Saqta, Voltnomad, SunAiym, Smart Ozonator, Return, Artificial Glaciers.

Ошондой эле 5 команда кыска тизмеге кирип, инвестиция алмай болду: “Клубничная ферма”, ИП Алжанбаев Азиз, Greenfreeze Agro, Revenu, “Арча бар”.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028