鶹ý

Дөөлөтбекова Айганыш кантип Алтын сертификатка жеткендиги жана эмне себептен БААУга токтолгондугу тууралуу

Дөөлөтбекова Айганыш кантип Алтын сертификатка жеткендиги жана эмне себептен БААУга токтолгондугу тууралуу

25&Բ;июля&Բ;2024

ЖРТ-2024түн Алтын сертификатынын ээси, Нарындын кулуну Айганыш Дөөлөтбекова ЖРТга даярдык көрүүсү жана БААУну тандоосу тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Алгач өзүңүз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз?

– Саламатсыздарбы? Менин аты-жөнүм - Айганыш Дөөлөтбекова, Арстанбек Буйлаш уулу атындагы №8 орто билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсүмүн. Нарын шаарында төрөлүп-өстүм, үй-бүлөдө 3 эркектен кийин төрөлгөн төртүнчү перзентмин. Бала кезимден эле апам мага тандоо укугун берип, мени ар тараптан колдогон. Мына ушундай колдоолордон улам мектепте эң жакшы окуп, сабактардан кыйналып жаш төккөн жокмун. 11-класста окуп баштаган кезде келечекте эмне менен алектенүүнү билбей тургандыгымды түшүнүп жеттим. Ал эми ЖРТ тууралуу так оюм жок болчу. Сынап көрүү тесттеринде чогулткан упайларым мага Алтын сертификатка жетүүгө үмүт берди жана мен даярдана баштадым. Бирок мен жакшы натыйжага жетишим керек деп баш-отум менен киришип кетпей өз организмимди угуп, эс алып да жаттым: тасмаларды көрдүм, окудум жана жөн гана телефон менен убактымды көңүлдүү өткөрдүм.

– Сиз эмне себептен дал БААУга окууга тапшырууну чечтиңиз?

– Алтын сертификатка жетсем, БААУда окуурумду мурдатан билчүмүн. БААУнун өлкөбүздөгү мыкты университеттердин бири экени эч кимге сыр эмес. Ал сага сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн берип, Кыргызстанда гана эмес, ошондой эле чет өлкөлөрдө да жаркын келечек курууга көптөгөн перспективаларды ачып берет.

– ЖРТнын Алтын сертификаты сиздин тандооңузга кандай таасир тийгизди?

– Алтын сертификат чечим кабыл алуума чоң таасирин тийгизди. Менин үй-бүлөм орто кирешеге ээ жана грантсыз мен БААУда окуй алмак эмесмин. Мындан бир нече ай мурда Алтын сертификат алып, ушул жерде окуурумду элестете да алчу эмесмин.

– Айтсаңыз эмне себептен “Колдонмо математика жана информатика” факультетин тандадыңыз?

– Факультетти тандоо да абдан татаал болду. Март айында кирүү сынактарынан кийин “Телевидение” факультетине ыктап жатканмын. Кинематографияга кичине кезимден суктанып, учурда тасма, сериал жана мультфильмдерди көрүүдөң рахат алам. Ошентсе да узакка созулган ой-толгоолордон кийин “Колдонмо математика жана информатика” факультетине токтолдум. ЖРТга даярдык көрүү да менин тандоомо таасирин тийгизбей койгон жок. Математика тармагында өз билимдеримди кеңейтүү үчүн аны кайра башынан иликтеп чыгууну чечтим. Көрсө ал буга чейин мага көрүнгөндөй эмес экен. Татаал тилди түшүнүп, маселелерди чечип баштагандан кийин мектептеги жактырбаган сабагым көз алдымда толугу менен өзгөргөнүнө күбө болдум. Жакындан бери программалоону иликтеп жатам жана ал да мага абдан жагып жатат. Жыйынтыгында туура тандоо жасадым деп эсептейм жана алдыда рахат алуу менен билим алмакчымын.

– БААУдагы төрт жылдык билим алуудан эмнелерди күтүп жатасыз?

– Бул төрт жылдан өзүмдүн инсан катары өсүп-өнүгүүмдү күтүп жатам. Келечекте өзүм сыймыктана ала турган адам болуп, иш-аракеттерим текке кетпегенине кубанам деген үмүттөмүн.

– БААУга окууга тапшырууну каалагандар үчүн сиздин калоо-тилектериңиз?

– БААУда билим алууну каалагандардын баарына чоң максаттарды коюуну жана алардан баш тартпоону каалайм. Ишке ашырууну каалаган нерсеңизди орто жолдон таштап салбаңыз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028