鶹ý

“Психология” факультети

“Психология” факультети

24&Բ;июля&Բ;2024


“Психология” программасы Кошмо Штаттардагы психологиялык стандарттарын карманган жана колдонмо психологиянын артыкчылыктары менен жол туткан Кыргыз Республикасындагы алгачкы программа болуп эсептелет.
Факультет студенттерге алгач салтка айланган илим менен гуманитардык илимдердин тармагында ири билим берүү базасын сунуштайт. Андан ары психология тармагынын көптөгөн адистиктеринин биринде ийгиликке жеүү үчүн зарыл болгон терең билимдерди, ыкмаларды жана тажрыйбаны тартуулайт. Студенттер психологияны окутууда көмөк көрсөткөн жана психология тармагында илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн психологиялык борборлордо практикалык тажрыйбага ээ болушат.
Факультетти ийгиликтүү аяктаган студенттер социалдык жана уюштуруучулук жүрүм-турум тармагында кесипкөйлүк көмөк көрсөтө алышат, психикалык ден-соолукка таандык көйгөйлөр боюнча кеп-кеңеш бере алышат, жеке жана социалдык жүрүм-турум боюнча психологиялык изилдөөлөрдү жүргүзө алышат. Алар бизнес жана өндүрүш тармагында, Эл аралык уюмдарда, жогорку билим берүү системасында, эмгекти иликтөө жана мамлекеттик саясатта, банктык жана консалтингдик агенттиктерде эмгектенип келишет. Ошондой эле бүтүрүүчүлөр билим алуусун БААУда “Колдонмо психология” магистрдик программасы боюнча же Америка, Европа жана Азиянын университеттеринде андан ары уланта алышат.


psyc@auca.kg

Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылыңыз:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028