鶹ý

БААУнун “Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультети

БААУнун “Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультети

22&Բ;июля&Բ;2024


Окутуу учурунда студенттер сценарий жазуу чеберчилиги, оператордук иш, монтаж, режиссура жана фото- жана видеого тартуулардын техникалык жөндөмдөрү боюнча теориялык жана практикалык ыкмаларга ээ болушат.
Факультеттин өзгөчөлүгү болуп студенттердин алмашуу программалары боюнча АКШ жана Европада бир семестр окуп келүү мүмкүнчүлүгү саналат. Ошондой эле окутуу программасы жабдуулары менен камсыздоосу бар практикалык тапшырмаларга багытталган.
Ушулардын баары тууралуу видеодо “Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультетинин студенттери жана анын жетекчиси Адилет Каржоев айтып берет.
“Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультети Борбордук Азиядагы Америка университетинин эң жаш факультеттеринин бири болуп, ал 2016-жылы түптөлгөн. Программанын миссиясы – Борбордук Азияда медиа тармагында кесипкөйлөрдүн командасын тарбиялоо.
Окутуу учурунда билим берүү, жаңылыктар, жарнама жана башка чыгармачыл жана кесипкөйлүк тармагында медиа азыктарды жаратуу үчүн заманбап платформалар менен технологиялар колдонулат. Сиз маркетингдик жана жарнама агенттиктери, телекомпаниялар, киностудиялар, радиостанциялар, онлайн-платформалар, мамлекеттик түзүмдөр, өкмөттүк эмес бирикмелер жана Эл аралык уюмдар сыяктуу потенциалдуу жумуш берүүчүлөрдүн кенен чөйрөсү үчүн зарыл болгон сапаттуу мультимедиялык азыктарды өндүрүүнү үйрөнөсүз.
Факультеттин бүтүрүүчүлөрү АКШ, Европа жана Азиянын университеттеринин магистратура жана докторантураларында билим алуусун уланта алышат. Же болбосо ар кандай багыттарды өз долбоорлорун ишке ашыра алышат.
Программа жөнүндө толук маалыматты бул жерден көрүп алууга болот: https://auca.kg/en/tcma/. Электрондук почта: tcma@auca.kg.

Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылыңыз:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
admissions@auca.kg

Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18
finaid@auca.kg

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028