鶹ý

Сатимбаев Исабек эмне себептен БААУга окууга тапшырууну чечкендиги тууралуу

Сатимбаев Исабек эмне себептен БААУга окууга тапшырууну чечкендиги тууралуу

22&Բ;июля&Բ;2024


– Аты-жөнүңүз ким болот жана эмне себептен БААУга окууга тапшырууну чечтиңиз?
– Саламатсызбы? Менин аты-жөнүм - Сатимбаев Исабек Айбекович. БААУну тандаганымдын себептери көп. Мисалы, көпчүлүктүн ой-пикири боюнча бул окуу жай өлкөбүздө эң мыкты болуп саналат. Дагы бир себеби, университетти аяктагандан кийин мен экилик дипломго ээ болом. Мага белгилүү болгондой, университетте мыкты мугалимдер эмгектенишет, демек окутуу да мыкты деңгээлде болот. Анан да БААУнун имараты заманбап технологиялар менен жабдылдган.
– Сиздин тандооңузга ЖРТнын Алтын сертификаты кандай таасир ээти?
– Алтын сертификат менин тандоомо абдан чоң таасирин тийгизди. БААУга тапшырып жаткан абитуриенттер үчүн окуу жайдын окуу акысынын кымбаттыгы көйгөйлөрдү жаратпай койбойт. Ал эми Алтын сертификат менен мен акысыз бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. ЖРТнын Алтын сертификатына чейин мен БААУнун математика боюнча олимпиадасында 2-орунду камсыздап, окууга 90% арзандатууга ээ болгом. Бирок мындай арзандатуу менен да кыйынчылыктарга кабылмакмын. Айтор Алтын сертификат менин тандоомду түп-тамырынан бери өзгөрттү.
– Айтсаңыз кайсы факультетке тапшырдыңыз?
– Колдонмо математика жана информатика факультетине тапшыргым келет. Чынында математикага абдан кызыгам жана бул жаатта билимдеримди өркүндөтүп, андан-ары мыкты болгум келет.
– БААУдагы 4 жылдык билим алуудан эмнелерди күтүп жатасыз?
– Жогоруда айтып кеткендей, математика тармагында билимдеримди кеңейтким келет. Ошондой эле кызыктуу адамдар менен таанышып, достошсом дейм. Жаңы таанышуулардан көп сандаган жагымдуу эмоцияларды жана кубанычтарды алгым келет.
– БААУга окууга тапшырууну каалагандарга сиздин каалоо-тилектериңиз?
– Окууга тапшырып жаткандарга ийгилик, күч-кубат, таза акыл жана ар тараптан токтоолукту каалап кетким келет.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028