鶹ý

Жергиликтүү коомчулуктар менен байланыштарды өнүктүрүп

Жергиликтүү коомчулуктар менен байланыштарды өнүктүрүп

17&Բ;июля&Բ;2024

#мейкерспейс#китепкана#MakerSpace#library


Өткөн аптада Чүй облустук китепканасында вакансиялар жарманкеси болуп өттү. Ага Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин китепканасы жана БААУнун Мейкерспейсинин командасы катышты. Алар жумуш издегендер үчүн эки окутуу сессиясын тартуулашты.
Чүй облустук китепканасынын директору Тамила Сергеевна Каджиева жарманкенин ачылышында билдиргендей, соңку эки айдын аралыгында китепкананын америкалык бурчунда Boot camp окутуу лагери өткөн. Бул мезгилде 22 киши кыялындагы жумушка орношуу боюнча атайын окутуудан өтүшкөн. Китепкананын аянтындагы сабактардан тышкары алар эки ири мекемеде болушуп, өндүрүштүк процесстер менен таанышууга жетишкен. Жарманке алар үчүн окутуу лагеринин жыйынтыктоочу баскычы болуп, ага Ысык-Ата районунун 14 алдыңкы мекемелери жана №25 кесиптик лицей катышкан.
Жарманкеге жана аны уюштурууга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары да активдүү катышышты – Ысык-Ата райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы, Кант шаарынын мэриясы.
Борбордук Азиядагы Америка университети эки сессия тартуулады. Анын бири китепкананын кызматкерлери жана Окутуу, сабак өтүү жана технологиялар борбору менен биргеликте даярдалды. Китепкананын электрондук ресурстар боюнча адиси Мадина Керимова резюме жана мотивациялык кат жазууда жана баарлашууга даярданууда жасалма интеллектти кантип колдонуу керектиги жөнүндө айтып берди. Сессиянын катышуучулары алынган билимдерин иш жүзүндө колдонуу жана кызыктырган суроолорун узатуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту.
Экинчи сессия БААУнун Мейкерспейсине арналып, аны борбордун директору Нариса Турдиева жана башкы инженери Тимур Азизбек уулу өтүп беришти. Алар угуучуларга жакында ачылган борбор, анын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берип, Мейкерспейстин жабдууларында жасалып чыккан азыктарынын үлгүлөрүн көрсөтүштү.
Чүй облустук китепканасында Мейкерспейс мейкиндиги бар. Анда ар кандай окутуу программалары жана сынактар өтүп турат. Сессиянын аягында Чүй облустук китепкананын кызматкерлери өз иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, пландары жана жетишкендиктери жөнүндө кеп курушту. Эки Мейкерспейстин кызматташуу жолдору жана ал кызматташуу кандай форматта болору талкууланды. Белгилей кетсек, эки Мейкерспейстин кызматкерлери бат эле тил табышып кетти. Андыктан жакын арада жаңы, кызыктуу долбоорлорго күбө болобуз деген үмүттөбүз.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028