鶹ý

Тимоти О'Коннордун Бүтүрүү аземинде сүйлөгөн сөзү

Тимоти О'Коннордун Бүтүрүү аземинде сүйлөгөн сөзү

5&Բ;июня&Բ;2024

Урматтуу бүтүрүүчүлөр, кесиптештер жана коноктор!

Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, кесиптештер жана коноктор! Мен силерди жыйынтыкталып жаткан окуу жылынын маанилүү иш-чараларынын биринде көрүп жатканыма абдан кубанычтамын. Бүгүн биз өзгөчө күндү белгилеп жатабыз. Ушул тапта биз жаштардын жашоосундагы маанилүү бөлүмдөрдүн бири аяктап жатканына күбө болуудабыз. Менин кесиптештерим ошол дилгир жаштар менен бир нече жыл бою баарлашуу бактысына ээ болгондугу үчүн кубанычта. Тилекке каршы менде андай мүмкүнчүлүк болгон жок, анткени менин БААУда иштегениме 1 гана жыл болду. Бирок ошентсе да менин силер менен окшоштугум жок эмес, себеби биздин жолубуз болуп аман калдык десем жаңылышпайм!

Бүтүрүүчүлөр, силер биздин университетте узак жол басып өттүңөр. Борбордук Азиядагы Америкалык университети катаал тандоосу менен гана эмес, ошондой эле окутуунун кыйындыгы менен да белгилүү. Бул мезгилде көптөгөн кыйынчылыктарга кабылдыңар. Мисалы Covid пандемиясы, Ооганстандан саякат жана Тажикстандан чек араны кесип өтүү. Силер бул кыйынчылыктардын баарын жеңдиңер. Биз силер менен сыймыктанабыз. Силер академиялык билимдерге гана эмес, ошондой эле өркүндөөгө, креативдүү ой жүгүртүүгө жана ааламга сын көз-караш менен кароого жөндөмдүү адам болдуңар.

Ал эми сын көз-карашта ойлонууну жана эркин искусстволордун салттарында студенттерге багыт алган окутууну колдоо – бул БААУнун миссиясы жана окуу жай аны 30 жылдан бери ишке ашырып келет. Бул өңүттө университетке биздин ишенимдүү союздаштар менен өнөктөштөр жардам берип келет.

Нью-Йорктогу Бард колледж менен көп жылдык жана эки тараптуу пайдалуу кызматташууну белгилеп кетким келет. Биз башка дүйнөлүк алдыңкы илимий-билим берүүчү мекемелер жана уюмдар менен кызматташууга даярбыз, бирок дал Бард колледж менен жакын мамилебиз калыптанып калган. Мунун негизинде биз экилик диплом берүү менен жаш адистерди окутуу жана бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болдук.

Көп жылдык колдоосу жана өз-ара пайдалуу кызматташтыгы үчүн өзгөчө ыраазычылыкты АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине, АКШнын Ооганстандагы Элчилигине жана АКШнын Мамлекеттик департаментине билдирем.

Ошондой эле студенттерибизге түзүп берген мыкты мүмкүнчүлүктөрү жана Борбордук Азиянын жаш кесипкөйлөрүн даярдоодо пайдалуу кызматташтыгы үчүн Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңешке жана Америкалык борбордук азиялык билим берүү фондуна ыраазычылык айтпасак болбос. Аталган фонддун мүчөлөрү университетибиздин Камкорчулар кеңешинин өкүлдөрү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жана Улуттук илимдер академиясынын колдоосу да маанилүү. БААУ ар дайым сиздердин колдооңорду глобалдык жана жергиликтүү чакырыктарды чечүүгө жөндөмдүү жана КРнын мамлекеттүүлүгү боюнча активдүү жарандык позицияны ээлеген кадрларды даярдоо менен актаганга аракет жасап келет.

Жана албетте өнөктөштүк жана өз-ара түшүнүшүү үчүн биздин Камкорчулар кеңешибизге жана Эндаумент-Фондубуздун кеңешине рахматыбызды айтабыз.

Биздин бүтүрүүчүлөр окутуу диплом тапшыруу менен аяктарын билет. Андан аркы кесипкөйлүк карьерасында билим алууну улантууга даяр, анктени бул сапаттар атаандаштыкка туруктуу кылып, заманбап ааламда сөзсүз зарыл. Анын үстүнө БААУ - чынында Эл аралык университет. Бакалавриат деңгээлинде билим алып жаткандардын 40% чет элдик студенттер болуп эсептелишет. Биздин бүтүрүүчүлөр өзгөрүүлөргө жана жаңы тажрыйбаларга даяр, амбициялары күч, өжөрлүк жана максатка жетүүчүлүк сапаттарга ээ. Анан да татаал маселелерди чече алышат, алардын БААУда билим алуусун ийгиликтүү аяктаганын буга далил келтире алабыз.

Бирок ыраазычылык жана алкыштарга студенттерди көп жылдар бою коштоп келгендер да татыктуу: ата-энелер, мугалимдер, университеттин кызматкерлери. Алардын баары өзүнүн уникалдуу ролдорун аткарышат. Ата-энелер - колдоо жана таяныч, окутуучулар - билим берүү жана насаатчылык, кызматкерлер - окуудан алаксыбоо үчүн инфраструктура жаратуу.

Ата-энелерге кайрылып жатып, биз сиздер менен кагазга жазылбаган, бирок баары билген социалдык келишимди так аткардык деп айта алам. Бир тараптан БААУ студенттерге ар тараптан өсүп-өнүгүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Экинчи тараптан биздин студенттер үй-бүлөлөрүнүн мыкты колдоосу менен аталган мүмкүнчүлүктөрдөн толук кандуу пайдаланышты. Ошондуктан бүгүн биз жакшы жыйынтыкка чогуу күбө болуп атабыз.

Кебимдин аягында урматтуу бүтүрүүчүлөргө кең жана жаркын келечек, жетишкендиктердин кубанычын, өзүңөргө жана өз күчүңөргө ишенүүнү каалагым келет. Менин оюмча бул эки абал бирдей маанилүү. Бир эле учурда өз дараметин ишке ашырган жана бактылуу адам болуу чынында жогорку максат болушу керек. Баары эле бактылуу болуу жөнүндө айтат, бирок кантип бактылуу болууну түшүндүрүп беришпейт. Менимче бакыт - бул ыкма болуп, эң оболу өзүңө эмне баалуу экенин аңдап билүүдө жатат. Андан ары ошол баалуулуктарга карата иш тутуу гана калат. БААУ силерге мына ушундай ыкмага ээ болуу үчүн старт берди деген үмүттөмүн.

Сиздерди окууну аяктап жатканыңыздар менен куттуктайм! Эсиңиздерде болсун: биздин университет силер үчүн ар дайым альма-матер жана үй болорун эч качан унутпагыла. Жеке өзүмдүн жана кесиптештеримдин атынан айта кетчү нерсе, силер ар дайым БААУга колдоо жана шыктануу издеп келсеңер болот. БААУнун эшиги силер үчүн ар дайым ачык!

Тимоти Эдвард О'Коннор, БААУнун Президенти.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028