鶹ý

БААУда дипломдорду тапшыруу аземи

БААУда дипломдорду тапшыруу аземи

3&Բ;июня&Բ;2024

Биринчи июнда Борбордук Азиядагы Америкалык университетинде көптөн күтүлгөн бүтүрүү иш-чарасы болуп өттү. Бул ири окуя, академиялык сапардын туу чокусу бүтүрүүчүлөрдүн талыкпаган эмгегин күбөлөндүрөт.

Быйыл БААУ эки жүз сексен төрт бүтүрүүчүнүн болуп көрбөгөндөй ийгилигин белгиледи. Алардын ар бири университеттин жашоосунда өчпөс из калтырды десек жаңылышпайбыз.

Дипломдорду тапшыруу аземине сыйлуу коноктор жана бүтүрүүчүлөрдүн үй-бүлөлөрү катышты. Жакындарынын колдоосу менен шыктандыруусу биздин бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликке жетишүүсүндө маанилүү роль ойноп, ал эми алардын иш-чаранын өзүнө катышуусу саамалыкты шаңга бөлөдү.

Салтанаттын расмий бөлүгүн БААУнун президенти Тимоти О'Коннор ачты:

Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, кесиптештер жана коноктор! Мен силерди жыйынтыкталып жаткан окуу жылынын маанилүү иш-чараларынын биринде көрүп жатканыма абдан кубанычтамын. Бүгүн биз өзгөчө күндү белгилеп жатабыз. Ушул тапта биз жаштардын жашоосундагы маанилүү бөлүмдөрдүн бири аяктап жатканына күбө болуудабыз. Менин кесиптештерим ошол дилгир жаштар менен бир нече жыл бою баарлашуу бактысына ээ болгондугу үчүн кубанычта. Урматтуу БААУнун бүтүрүүчүлөрү! Силер кайратыңар менен максатыңардан кайра тартпастыгыңарды көрсөтүү менен татаал академиялык жолдон өттүңөр. Биздин университет силер үчүн ар дайым альма-матер жана үй болорун эч качан унутпагыла. Жеке өзүмдүн жана кесиптештеримдин атынан айта кетчү нерсе, силер ар дайым БААУга колдоо жана шыктануу издеп келсеңер болот. БААУнун эшиги силер үчүн ар дайым ачык! Бүгүнкү укмуштуудай күн менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

БААУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы Дэвид Лахдир жана Камкорчулар кеңешинин мүчөсү, БААУнун мурунку президенти Джонатан Бекер бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо үчүн атайын учуп келишкен.

Иш-чарада мыкты факультет, мыкты окутуучулар, мыкты студент жана мыкты дипломдук иш наамдарынын ээлери аныкталып, сыйлыктар тапшырылды. Мунун баары БААУнун академиялык чөйрөсүн аныктаган өркүндөөгө болгон умтулууну күбөлөндүрүп турат.

Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн ичинен мыкты студент деп “Бизнес администрациялоо” факультетинин студенти Данил Бондарец табылып, ага курсташтарынын алдында сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгү берилди. Бүтүрүүчүлөргө болгон кайрылдуусунда ал ар бир бүтүрүүчү бүгүнкү мезгилдин жеңүүчүсү жана реформатору экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал жалпы окутуучулар жамаатына жана билим алуу үчүн толук стипендия менен камсыздап берген US-CAEF программасына ыраазычылык билдирди.

Дипломдорду тапшыруу аземи бүтүрүүчүлөрдүн жашоосундагы маанилүү окуялардын бири болуп, ал БААУнун академиялык чеберчиликти жогорулатуу жана болочок лидерлерди тарбиялоону кармануусун белгиледи. БААУдан тышкары жаңы саякаттарга аттанган бүтүрүүчүлөр альма-материнде алган билим менен баалуулуктарды өзүлөрү менен кошо алып жүрүшмөкчү: сын көз-карашта ойлонуу, чынчылдык жана коомго позитивдүү таасир этүү.













<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028