鶹ý

“Борбордук Азиядагы Америка университетинин чет өлкөлөрдө билим алуу үчүн болуп көрбөгөндөй сунуштары бар”

“Борбордук Азиядагы Америка университетинин чет өлкөлөрдө билим алуу үчүн болуп көрбөгөндөй сунуштары бар”

6&Բ;мая&Բ;2024

#exchangeprogram

Саламатсыздарбы БААУнун коомчулугу! Менин атым - Эрбол! Мен “Бизнес администрациялоо” факультетинин 3-курсунун студентимин жана АКШда билим алуу тажрыйбам менен бөлүшүүгө кубанычтамын.

Борбордук Азиядагы Америка университети (БААУ) чет өлкөлөрдө билим алуу үчүн болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт жана мен аларды иликтөөгө умтулдум. Америкалык окуу жайдын академиялык жашоосу менен таанышууну өспүрүм кезимден самачумун. Мына ушундай умтулуу менин БААУну тандоомдун негизги себептеринин бири болду. Чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ар кандай иш-чараларга катышып, өтө кылдаттык менен даярданып келдим. Менин БААУдагы академиялык жетишүүм ыктыярчылык ишмердүүлүгүм жана активдүү жарандык позициям менен биргеликте UGRAD глобалдык программасына катышуу үчүн жөндөмдүү экендигимди көрсөттү.

Студенттердин алмашуу программасы боюнча АКШга барганда кампуста өкүм сүргөн жаркын спорттук маданият мени таң калтырды. Университет көптөгөн масштабдык спорттук иш-чараларды өткөрүп, ага студенттер активдүү катышып келет. Мен бул студенттик жашоонун аспектине чын жүрөктөн киришип, өзүмдө тенниске болгон кызыгууну байкадым.

Академиялык жактан алып караганда АКШда окуу жеңил болду. Муну мен БААУ тарабынан берилген бекем билим берүү базасы менен байланыштырам. Менимче БААУнун билим берүүсү студенттерди мыкты деңгээлде даярдайт жана натыйжада америкалык окуу жайлардын академиялык сабактарын салыштырмалуу түрдө татаал эмес кылып көрсөтөт.

UGRAD Глобалдык программасынын алкагында мен Вашингтондогу (Колумбия аймагы) семинарга катышып, Кыргызстандын жана БААУнун намысын коргодум. Аталган саамалык дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн 162 студентти чогултту. Андыктан мындай иш-чарада өз улуттук туумду көтөрүү чоң сыймык болду.

Мен БААУнун студенттерине окуу жай тартуулаган билим берүү мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып калуу кеңешин берем. Алынган тажрыйба менен билимдер уникалдуу болуп, инсандык жана кесиипкөйлүк жактан өсүп-өнүгүү үчүн абдан баалуу болуп саналат.

Өз тажрыйбам жана идеяларым менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бергендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Жылуу каалоо-тилектер менен

Эрбол

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028