鶹ý

Кыргыз улуттук университетинде “Финансы жана инвест эсептер” китебинин бет ачары болуп өттү

Кыргыз улуттук университетинде “Финансы жана инвест эсептер” китебинин бет ачары болуп өттү

19&Բ;марта&Բ;2024

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Финансы жана инвест эсептер” китебинин бет ачары болуп өттү. Эмгекти анын авторлору, БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” департаментинин профессору Сыргак Капарович Кыдыралиев жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Анаркуль Бурганаковна Урдалетовалар тааныштырышты. С. К. Кыдыралиев өз сөзүндө каржылык сабаттуулукту жогорулатуу - бул негизги көйгөйлөрдүн бири, улуттук масштабдагы маселе экенин белгиледи. Акча, каржы, инвестициялар - бул өлкөбүздүн ар бир жараны кабылган нерсе болуп, жеке кирешелерди туура пайдалануу үй-бүлөлүк бюджетти гана эмес, мамлекеттин экономикалык стабилдүүлүгүн да бекемдейт. Тилекке каршы мындай маселелер боюнча ар бир жаранга жеткиликтүү китептер, окуу куралдары жетиштүү эмес, өзгөчө кыргыз тилинде. Андыктан бул эмгек аз да болсо ошол боштукту толтурууну көздөйт.

Бет ачарда “Финансы жана инвест эсептер” китебинен алынган жөнөкөй мисалдар жана маселелердин жардамы менен каржылык капкандарды басып өтүп, кирешеге жетүү жолдору көрсөтүлдү. Алардын арасында насыя алуу, пенсияны көбөйтүү үчүн инвестициялар, дүкөндөрдөгү арзандатуулар ар дайым үнөмдөөгө алып келбөөсү жана ошондой эле туура салык саясаты экономикалык абалды жакшырта алары болду.

Бет ачарга Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Экономика жогорку мектебинин студенттери менен окутуучулары катышты. Аталган окуу жайдын директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Эркин Усеналиевна Кулова белгилегендей, бет ачар улуттук университеттин демилгеси менен ишке ашкан.

“Биз каржы тууралуу кыргыз тилинде кызыктуу китеп чыкканын укканбыз. Бул учурда актуалдуу маселе болуп, чоң суроо талапка ээ болгондуктан, бет ачарды демилгеледик. Ага катышуу биздин студенттер үчүн абдан пайдалуу болду. Бет ачар максатына жетти жана абдан кызыктуу болду деп эсептейм. Жада калса мен, экономика илимдеринин доктору үчүн да кызыктуу болду”, деп билдирди Э.У. Кулова.

Иш-чаранын соңунда 20 китеп КУУнун китепканасына өткөрүлүп берилди.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028