鶹ý

ПЭРЭТО долбоору Кыргызстанда студенттер үчүн экологиялык хакатон уюштурду

ПЭРЭТО долбоору Кыргызстанда студенттер үчүн экологиялык хакатон уюштурду

14&Բ;декабря&Բ;2023

“Кыргызстандын туризм тармагында энергия жана ресурстардын эффективдүүлүгүн алга жылдыруу” долбоору (ПЭРЭТО) Борбордук Азиядагы Америка университети тарабынан төмөнкү өнөктөштүк уюмдар менен биргеликте консорциумда ишке ашырылып келет: UNISON Group (Кыргызстан), Technopolis Group (Бельгия), Collaborating Centre on Sustainable Consumption and Production – СSCP (Германия).

Бүгүнкү күндө дүйнө эли климаттык кризистин кесепеттерине туш болушууда. Бул кесепеттер Борбордук Азияда олуттуу сезилүүдө. Анткени аймак энергетикадагы жерден казылып алынуучу көмүрдөн көз каранды. Ал эми суу ресурстарынын санынын азайышы жана кургакчылык био ар тараптуулук, абанын сапаты жана азык-түлүк коопсуздугуна таасир этүүнү улантат.

Билим жана коомчулуктун маалымат алуусу климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү тармагында коомчулуктардын дараметин өстүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Мына ошондуктан PERETO долбоорунун негизги маселелеринин бири туруктуу өндүрүү жана керектөөнүн, энергия жана ресурстардын эффективдүүлүгүнүн принциптерин туризм тармагында билим берүүгө интеграциялоо болуп саналат. Бүгүнкү күндө ПЭРЭТО туруктуу керектөө жана энергия жана ресурстардын эффективдүүлүгү темаларын окуу программаларына киргизүү максатында “Туризм” багытындагы алты университет менен активдүү кызматташып келет. Долбоордун командасы студенттер калктын күнүмдүк турмушу менен бизнеске инновациялык жолдорду киргизе аларына ишенет. Өз кезегинде алар курчап турган айлана-чөйрөгө терс таасирлерди азайтууга жардам берет. Буларга энергиянын калыптанма булактарын пайдалануу, экологиялык таза технологияларды иштеп чыгуу жана башкалар кирет. Студенттер керектөөнүн туруктуу үлгүлөрүн IT-чечимдер менен катар социалдык ишкерлик аркылуу өнүктүрүү жана жайылтууга жөндөмдүү. Алар газдардын бөлүнүп чыгуусун азайтуу, энергияны үнөмдөө жана экологиялык жоопкерчиликтүү жашоо образына өтүүгө өбөлгө түзө турган азыктар менен кызматтарды жарата алышат.

Ушуга байланыштуу, Кыргызстанда Европа Биримдигинин SWITCH-Asia программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан ПЭРЭТО долбоору IDEA жаштар уюму менен биргеликте “Экологика 3.0” масштабдуу экологиялык кампаниясын ишке киргизди. Кампаниянын алкагында Кыргызстандын 6 окуу жайында PERETO практикумдарды өткөрүп, анда эко-активисттер, туруктуу өнүктүрүү, энергия жана ресурстардын эффективдүүлүгү боюнча эксперттер студенттерге климаттын өзгөрүшүнүн тенденциялары, экологиялык долбоорлор жана жашыл технологиялар жөнүндө айтып беришти. Эң активдүү жана туруктуу туризм темасына кызыккан студенттер Бишкекте 4-декабрдан 7-декабрга чейин төрт күндүн аралыгында өткөн экологиялык хакатонго катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Экотон Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтуу үчүн санариптик чечимдерди табуу жана туруктуу туризмди, энергияны үнөмдөө жана энергия эффективдүүлүгүн жайылтуу максатында бир аянтта 50дөн ашуун өнөктөш ЖОЖдордун студенттерин жана IT коомчулуктарынын мүчөлөрүн чогултту.

“ПЭРЭТО экологиялык хакатонго жаштарды жана университеттерди үндөгөнүнө кубанычтабыз. Биз жаштар жаркын келечек үчүн жашыл чечимдерди жаратат жана ишке ашырат деп ишенебиз. “Экологика 3.0дун” бардык катышуучуларына ийгилик жана шыктануу каалайм”,- Stefano Corrado, project manager from theEUDelegation toKyrgyzstan, welcomed participants on the opening ceremony in the first day of ecothon.

Экотон бир нече форматтарды камтыды: окутуу жана изилдөө, IT тармагында тажрыйбалуу эксперттердин чыгуулары, дизайн-ой жүгүртүү жана питчинг искусствосу (санариптик чечимдердин бет ачары жана баалоо). Мындан тышкары ар бир команда менен менторлор иш алып барды: колдоо көрсөтүштү, багытташты жана алардын өсүү жана өнүгүү белгилерин аныкташты.

“Командалардын идеядан иштеп чыгууга чеийнки жолу 4 күнгө созулду. Катышуучулар укмуштуудай командалык ишти аткарышып, кыска убакытта көптөгөн жаңы ыкмаларды өздөштүрүштү. Экологика 3.0 демилгеси жаштардын өлкөдөгү экологиялык көйгөйлөр тууралуу маалымат алуусунун жогорулашына, IT жана санариптик инновациялар тармагында ыкмаларын өнүктүрүүгө, университеттер, бизнес-секторлор жана IT тармактар ортосунда өз-ара колдоо жана аракеттенишүү коомчулугун түзүү аркылуу өбөлгө түздү”,- деп белгиледи катышуучу-командалардын мыкты чечимдерин сыйлоо учурунда PERETO долбоорунун программалык менеджери Максат Дамир уулу.

Жалпысынан 10 команда катышты. Калыстык милдетти Туризм департаментинин, IT секторунун өкүлдөрү, HoReCa Kyrgyzstan Ассоциациясынын президенти, ошондой эле PERETO жана IDEA Борбордук Азиянын өнөктөштөрү аркалашты. “Бүгүн өз өнөрлөрүн көрсөткөн командалардын идеялары жана креативдүү чечимдери мен күткөндөн да ашып түштү. Бүгүнкү экотондо бардык катышуучуларды жеңүүчү деп эсептейм. Ал эми алардын жаш курагын (23 жашка чейинкилер) эске алсак, анда баары азаматтар жана алардын келечеги кең”,- деп өз ою менен бөлүштү калыстардын бири, Lalafo Kyrgyzstan`дын маркетинг боюнча директору Руслан Гайдаров.

Командалардын эң кызыктуу санариптик чечимдеринин бири булар болду:

  1. Таштандыларды сорттоону үйрөтүү максатын көздөгөн мобилдик оюн
  2. Кийимдерди костомизациялоо боюнча сайт (тигүү цехтеринин калдыктарын пайдалануу, жумушсуз тигүүчүлөрдү чакыруу, мода сүйүүчүлөрүнүн индивидуалдуулукту көрсөтүү мүмкүнчүлүгү)
  3. HoReCa үчүн имараттарда түтөй баштоо жөнүндө оперативдүү түрдө кабарлоо үчүн мобилдик тиркеме (орнотуунун баасы 10 EUR)
  4. Бишкекке фандоматтарды орнотуу (азырынча Кыргызстанда жок)
  5. Кыргызстандын тоолуу алыскы аймактарында жасалма мөңгүлөрдү орнотуу кызматтарын тартуулаган чат-бот

“Таң калычтуусу таймашуу шартында да биз 4 күн жана 3 түндө өз-ара колдоо жана достук атмосферасында болдук. Хакатондун программасы абдан каныккан болуп, биз сааттап өстүк, анткени ар бир саат сайын жаңы нерселерди үйрөнүп жаттык: тажрыйбалуу эксперттердин насааттарын уктук, өз идеяларыбыздын үстүндө иштедик, насаатчылар менен кербайланышты түздүк, кээ бир жолдордон баш тартып, жаңыларын жасап көрдүк, талаштык, экспресс-сурамжылоолорду жүргүздүк, питчинг үчүн ондогон жолу сөздөрүбүздү оңдоп-түзөттүк, эл алдына чыгып сүйлөөнү өздөштүрдүк. Бул биз жасап көргөн жана үйрөнгөн билимдердин чакан бир бөлүгү гана”,- деп билдирди жеңүүчү аталган команданын капитаны, Туризм Академиясынын студенти Артур Зубов.





<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028