鶹ý

Айым Асанкулова: “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы мага курчап турган ааламды жакшы түшүнүүгө жана аны чечмелөөгө жардам берет ”

Айым Асанкулова: “Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы мага курчап турган ааламды жакшы түшүнүүгө жана аны чечмелөөгө жардам берет ”

12&Բ;декабря&Բ;2023

#китепкана#библиотека#library

Биз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган публикациялардын циклин улантабыз. Бүгүн өз ой-толгоолору менен “Бизнес администрациялоо” факультетинин экинчи курсунун студенти Айым Асанкулова бөлүшөт.

– Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы мага курчап турган ааламды жакшы түшүнүүгө жана аны чечмелөөгө жардам берет деп ишенимдүү түрдө айта алам. Анын чыгармаларында ар тараптуу темалар козголот - сүйүү жана азаптан баштап тарых жана философияга чейин. Мен кыргыз адабияты сабагын өкуткан мугалимим Уулкан Камбаралиевага абдан ыраазымын. Ал мени Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын терең мааниси жөнүндө ой-жүгүртүү жана анализдөөнү үйрөттү. Бул мага дүйнөгө башкача көз-караш менен карап, анда өз ордумду аныктоого жардам берүүдө.

Анын китептерин окуу менен дүйнө таанымымды кеңейтип, жаңы билимдерди алуудамын. Мен үчүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы - акылмандуулук сабагы. Анын жардамы менен ар кандай жашоо шарттарында чыдамдуу, мээримдүү жана акылман болууну үйрөнүп келем. Анын каармандарынын үлгүсү жана жүрүм-туруму мени инсандык сапаттарымды өнүктүрүүгө шыктандырат.

Менин эң жактырган чыгармаларым - бул “Эрте келген турналар”, “Ак кеме”, “Делбирим”.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028