鶹ý

БААУнун коомчулугу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөөдө

БААУнун коомчулугу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөөдө

11&Բ;декабря&Բ;2023

#Президент#President##китепкана##library

Чыңгыз Төрөкуловичтин ысымы бүт дүйнөгө кеңири таанымал. Жазуучуну миллиондор сүйүп окушат. Айтматов тирүү кезинде эле ар кандай улуттагы адамдардын биримдигин символдоштурган фигура болгон. Заманбап муун үчүн жазуучунун басып өткөн жолу жана тагдыры кошумча баалуулукка ээ болууда. Анын чыгармалары ар кандай муундардагы окурмандардын жүрөктөрүн тынымсыз толкундантып келет жана жалпы адамдык баалуулуктарды барктаган ар бир адам үчүн жакын.

Чыңгыз Айтматовду талашсыз түрдө ХХ кылымдын улуу жазуучулары менен филоссофторунун ичинен терең акылдын ээси десек аша чапкандык болбос. Терең философиялык ой-жүгүртүүчү сүрөтчү катары ал турмуштун жашырынган жерлериндеги татаал маданий-этникалык чыр-чатактарды байкоо жана алдын-ала сезүү жөндөмүнө ээ. Анын чыгармалары жөнөкөй түшүнүктөрдү байланыштырат: мээрим, адилеттүүлүк, чындык. Жазуучунун ысымы – адамдык жашоону таанып-билүүнүн жана улуу акылмандыктын символу.

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата БААУнун китепканасы жазуучунун жашоосу жана чыгармачылыгына арналган китептердин көргөзмөсүн уюштурат.

БААУнун окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери улуу жазуучунун чыгармачылыгына болгон ойлору, сезимдери жана мамилеси менен ой бөлүшөт. Анда эмес сөз БААУнун президенти Тимоти О'Коннордо:

– Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун чыгармачылыгы менен бир нече он жылдыктар мурда таанышкам жана дароо таасирленгем. Анын өзүнө таандык автордук стили болуп, башкалардан айырмаланып турат. Анын баяндарынын башкы өзгөчөлүгү - бул ар бир адамдын жан дүйнөсүнө чебердик менен кирүү жөндөмү жана жан дүйнөдө көргөн нерсесин мүнөз жана тагдырлар менен көрсөтүп берүү. Айтматовдун кээ бир каармандарын архетиптик деп айтууга болот - алардын образдары эч качан жолуктарбаган болсоң да сага тааныш көрүнөт. Ошол эле учурда айрым каармандар таптакыр башка нерселерди чагылдырат: жаңы мезгилдин адамдарына мүнөздүү белгилерди. Мына ушундай полярдык ар кандай каармандардын өз-ара аракеттенишүүсү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын чебер психологизмин демонстарциялап турат.

Татаал тагдыр жазуучунун уникалдуу стилин калыптандырган. Ошондой эле буга укмуштуу жана катаал табият да өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Романдарда жана повесттерде биз табияттык символдорду кездештиребиз: баалуулуктарды эске салган ак илбирс же ак бугу. Баалуулук жана экзистенциалдык маселелер жазуучунун чыгармаларында пайда болуп турат: каармандар ар дайым жаңы маңыз жана таянычтарды издөөнүн үстүндө болуп, мындай издөө ар бир адамга жат көрүнүш эмес. Жашоо тез өзгөрүп турат жана ар кандай кырдаалдарга карабастан туруктуу бир нерсени табуу абдан маанилүү. Мына ушундай шартта мага Чыңгыз Айтматовдун төмөнкү айтканы абдан жагат: “Цивилизациянын түбөлүктүүлүгү - таанып-билүүнүн түбөлүктүүлүгүндө”. Бул биздин университеттин духуна төп келет.

Баса, менин жактырган чыгармаларым - “Эрте келген турналар” жана “Тоолор кулаганда”. Аларды окууну чын жүрөктөн сунуштайм!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028