鶹ý

Айжан Чыныбаева Кыргызстандын аймагында Green Office долбоорунун бетачарынжасады

Айжан Чыныбаева Кыргызстандын аймагында Green Office долбоорунун бетачарынжасады

1&Բ;декабря&Բ;2023

#цга#CCE

Борбордук Азиядагы Америка университетинин Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү, “Эко Деми” коомдук фондунун негиздөөчүсү, жарандык активист, Let`s Do It (Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү) уюмунун КРдагы расмий өкүлү Айжан Чыныбаева ноябрдын аягында Кыргызстандын аймагында жаңы долбоордун бет ачарын жасады - Green Office экологиялык кеңсесинин концепциясын. Аны ишке ашыруунун үстүндө “Эко Деми” коомдук фонду алектенип баштады.

Green Office (“Жашыл кеңсе”) концепциясы өзүнө буларды камтыйт:

  • Компаниянын кызматкерлерине таштандыларды бөлүп чогултууну окутуу;
  • Таштандыларды бөлүп чогултуу үчүн компаниянын кеңселеринде атайын боксторду орнотуу;
  • Чогултулган таштандыларды кайра иштетүүгө чыгаруу;
  • https://econetwork.green/ сайтында чогултулган (сиз тараптан “куткарылган”) таштандыларды жана алардын экологиялык пайдасын көрсөтүү менен компаниянын баракчасын түзүү;
  • Чогултууну тынымсыз режимде көзөмөлдөө, маалыматтарды анализдөө, отчеттор жана инфографика;
  • Иш-чараларга катышуу, компаниянын долбоорго катышуусун фонддун социалдык түйүндөрүндө чагылдыруу жана башкалар.

“Жашыл кеңсе” долбоору - бул таштандыларды өзүнчө жыйноону киргизүү боюнча кызмат. Ал Казакстандын 10 шаарындагы 100дөн ашуун уюмдарында ECO Network түйүнү тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылган. Эми мындай долбоор биздин өлкөдө да старт алды.

Айжан Чыныбаеванын чакыруусу менен Казакстанда ECO Network долбоорунун негиздөөчүсү, ментор, инвестор жана жарандык активист Евгений Мухаметжанов Алматыдан Бишкекке атайын иш-сапары менен келип, “жашыл кеңсе” түйүнүнүн концепциясынын жаралуусу жана өнүгүүсү тууралуу тажрыйбалары менен бөлүштү..

Евгений билдиргендей, түйүн мындан 5 жыл мурда 2018-жылы түптөлүп, жыл сайын жаңы идеялар менен долбоорлор жаралууда. Бир катар уюмдар менен кызматташуудан тышкары (“Жашыл кеңсе”), түйүн окуу жайлары менен иш алып барууда (“Жашыл мектеп”). Каалоочулардын баары үчүн сарамжалдуу колдонуу боюнча окуу курсу жана мобилдик тиркеме иштелип чыккан. Мындан тышкары экоадуит жана консалтингди ишке ашырып келет (компанияларда экокеңселерди уюштуруу, эко сатып алуулар, жеткирип берүүчүлөр менен иштешүү жана башкалар). Учурда түйүндүн командасы жергиликтүү IT-адистер тарабынан иштелип чыккан программалык камсыздоосу бар казакстандык фандоматтарды жаратуунун үстүндө иштөөдө.

“Эмне себептен мен каржы адиси болуп туруп экология менен алектенем? Экологияда жеңилгендер жана атаандаштар болбойт. Биз баарын өзүбүз үчүн, өзүбүздүн жана балдарыбыздын ден соолугу үчүн жасайбыз. Биз балдарыбызга таза жер, суу, абаны өткөрүп берүү үчүн иштейбиз. А эгер баары ууланып жок болсо, анда жер жүзүндө эч ким аман калбайт. Буга миллиондогон акча каражаттары да жардам бере албайт. Чет өлкөлөрдө курчап турган айлана-чөйрөнү коргоого салым кошуу - бул компаниялардын өз келечеги, өнүгүүсү үчүн инвестиция жасоосу. Мисалы белгилүү бир долбоорлорго мүмкүндүк алуу, мамлекеттин колдоосу жана башкалар. Бизде да бизнес тармагы экология көйгөйлөрүнө ушундай мамиле жасоосун каалайбыз. Биздин түйүн өз алдына ар кандай татаал маселелерди коёт жана мага аларды чечүү жагат. Жакында орус тилинде “эконутые” деген сөздү угуп калдым. Келгиле ошондой бололу”,- деп билдирди бет ачар учурунда Евгений Мухаметжанов.

Ошентип “Эко Деми” коомдук фонду аталган долбоорду Кыргызстандын аймагында ишке ашырууну баштады. Ал ата мекендик компанияларды биринчилерден болуп ECO Network Кыргызстан түйүнүнө кошулууну, “жашыл кеңсе” принциптерин киргизүүнү жана өлкөбүздө таштандыларды чогултуунун экологиялык түрүнө өтүүнү сунуштайт. Бул үчүн болгону “Эко Деми” коомдук фондуна кайрылуунун өзү жетиштүү (@eco.demi).

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028