鶹ý

Улан Толомушев: “БААУда өткөн жылдарым менин жеке жана кесипкөйлүк жашоомдун калыптануусунда чечүүчү ролду ойноду”

Улан Толомушев: “БААУда өткөн жылдарым менин жеке жана кесипкөйлүк жашоомдун калыптануусунда чечүүчү ролду ойноду”

24&Բ;ноября&Բ;2023

##LifeAfterGraduation

Менин аты-жөнүм - Улан Толомушев. Мен психологиянын бакалавры даражасына БААУда 2021-жылы ээ болгом. Учурда ЛУМСА университетинин магистратурасында окуйм - бул Римдин жеке католик жогорку окуу жайы. Бул жерде “Эмгектин жана уюштуруучулук жыргалчылык психологиясын” иликтейм. Мындан тышкары Прага университетинде бизнес-психология боюнча МВА даражасын алуудамын.

БААУда алгачкы окуу жылымда университетте көптөгөн варианттар болгондуктан, карьерамдын өнүгүүсүнүн ар кандай жолдорун карап чыккам. Экинчи курсумда студенттердин алмашуу программасына катышып, Түркиянын белгилүү университеттеринин бири болгон КОЧ окуу жайында окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Мындай тажрыйба менин билимдеримди бир кыйла кеңейтип, келечектеги кесипти тандоо жана карьералык максаттарды коюуда ишеним тартуулады. Үчүнчү курсумда мен педагогикалык психология жана кеп-кеңеш берүүгө басым жасадым. Жалпысынан БААУда өткөн жылдарым менин жеке жана кесипкөйлүк жашоомдун калыптануусунда чечүүчү ролду ойноду.

Университетти аяктагандан кийин БААУда электрондук ресурстар боюнча ассистент катары эмгектене баштадым. Бул кызматта мен 1-курстун жана Жаңы муун академиясынын студенттерине изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча лекция окучумун. Муну менен кошо башталгыч психологдор үчүн маанилүү болгон баалуу өз-ара аракеттенишүү ыкмаларын алчумун. БААУда үч ай иштегенден кийин Бишкектеги психологиялык жардам көрсөтүү борборунда психолог-кеңешчи болуп иштеп баштадым. Англис тилин жакшы билгендигиме байланыштуу орус тилдүүлөргө жардам берип, англис тилдүүлөргө психологиялык кызматтарды көрсөтчүмүн.

Мен университетиме мага берген академиялык билимдери жана бай студенттик тажрыйбасы үчүн ыраазымын. COVID-19га байланышкан көйгөйлөргө карабастан, БААУ үзгүлтүксүз билим берүүнү камсыздай алган.

Ушул тапта мен PARADISESUN клиникасында кардарларга офлайн форматта психологиялык жардамдарды берүү менен психолог-кеңешчи болуп иштейм. Мен кесипкөйлүк ыкмаларым менен интеллектимди окуу жана жаңы тажрыйбанын негизинде жакшыртууга умтулуп келем. Менин түпкү максатым – Бишкекке кайтып келүү, психология тармагына салым кошуу, психикалык ден-соолукту коргоо жана Кыргызстанда психологиялык кызматтардын сапатын жогорулатуу.

Эгер сиз өзүңүзгө ишенбесеңиз жана карьераңыз тууралуу тынчсыздансаңыз же окууну аяктагандан кийин кандай жолду басып өтөм деп санаага батсаңыз, анда сураныч эч шашпаңыз, такыр шашпаңыз. Өз кызыкчылыктарыңызды иликтеп, майда кадамдарды жасасаңыз жана сиздин уникалдуу саякатыңыз ишке ашарына, өзүңүз үчүн эң күтүлбөгөн жана эффективдүү жолдордун ачылышына ишенсеңиз жакшы болмок. Бул саякатта БААУ сизге чоң жардам берет, анткени бул жерде достук шартында өнүгүү жана билим алууга түрткү болчу ар кандай мүмкүнчүлүктөр үчүн көптөгөн эшиктер ачылат.

Мындан тышкары мен колдоосу, кенен билим жана бекем теоретикалык база бергендиги үчүн окутуучулук курамга терең ыраазычылыгымды билдирем. Агай-эжекелеримдин жардамы менен жогорку деңгээлдеги университетерде жана эмгек рыногунда атаандаша алам.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028