鶹ý

БААУ Ульсан университети менен өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумгаколкойду

БААУ Ульсан университети менен өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумгаколкойду

13&Բ;ноября&Բ;2023

#Тимоти О’Коннор#Президент#President

2023-жылдын 1-4-ноябрында БААУнун Президенти, Тимоти О'Коннор Түштүк Кореяга болгон иш сапарында Ульсан университетинде болду. Бул сапардын жүрүшүндө Президент О'Коннор университеттин жетекчиси менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты жогорулатуу тууралуу кеп кылып, университеттин студенттерине, окутуучуларына жана кызматкерлерине атайын кайрылуу жаcап, Ульсан университети менен БААУнун өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга эки тараптуу кол коюу аземине катышты.

Бул өнөктөштүк Ульсан университети менен БААУнун ортосундагы мыкты кызматташтыкты бекемдейт жана эки өлкөнүн жогорку билиминин жана илимий изилдөөлөрүнүн сапатын жакшыртууга, эффективдүү дипломатияны жайылтууга багытталып, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө умтулуусун ырастайт. Айтылган меморандумдун жалпы максаты – бул эки жогорку окуу жайлардын билим берүү жана илимий потенциалын чыңдоо жана студенттер менен окутуучуларга атайын билим жана тажрыйба алмашуу багытындагы жаңы мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылуу.

Ульсан университети Түштүк Кореянын Ульсан шаарындагы алдыңкы академиялык мекеме болуп саналат жана ал Азиянын билим берүү, изилдөө жана дүйнөнүн келечектеги лидерлерин өнүктүрүү үчүн өнөр жай менен окумуштуулардын кызматташуусунун борборуна айланган. Учурда 6 аспирантура, 9 колледж билим багытында иш алып барып, табигый илимдер, инженерия, медицина, бизнести башкаруу, дизайн жана архитектура, гуманитардык жана коомдук илимдер, адам экологиясы жана искусство боюнча 1770 профессор сабак берип, 15 000 студент окуйт.

Ульсан университети Hyundai Heavy Industries, Hyundai Motors, SK Energy жана S-oil сыяктуу ири корпорациялар менен стратегиялык өнөр жана илимдин кызматташуусу аркылуу ар кандай дисциплиналар боюнча глобалдык мыкты жетишкендиктерге ээ болуп, дүйнөлүк деңгээлдеги лидерлерди окутуп чыгарууда өзгөчө талаптарды белгилеп, 40 өлкөдө 180 окуу жайлар менен биргеликте эл аралык алмашуу программаларын ишке ашырып келет.

БААУ Ульсан университети сыяктуу алдыңкы илимий окуу жайы менен иштешүү алдында туруп сыймыктануу менен жемиштүү өнөктөштүктү алып барууга болгон салымын жумшай турганын билдирет. БААУ жаңы өнөктөш университетибиз менен Кыргызстанда жана Борбордук Азияда жогорку билим берүүнү жана илимий изилдөөлөрдү өркүндөтүү үчүн биргелешип иштешүүгө даярдыгынбилдирет.





<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028