鶹ý

Сания Батталова

Сания Батталова

10&Բ;января&Բ;2013

Батталова Сания

 БААУнун Пландаштыруу жана Баалоо боюнча Ассоциацияланган Вице-Президент

 

Мен Бишкекте төрөлгөм, ал эми ата-энем болсо Россиядан болушат. Атам Казань шаарына жакын жерде, энем болсо Ульянов облусунда төрөлүшкөн. Отузунчу жылдардын аягында чоң атамдар, таятамдардын үй-бүлөлөрү Россияны калтырып кетүүгө мажбур болушкан. Ошентип ата-энем Кыргызстанда бир-бири менен таанышкан экен.

Мен артыкчылык менен Фрунзе политехникалык институтунда, өндүрүштү автоматизациялык башкаруу факультетин аяктагам, кийинчерээк, 2005-жылы “Уюмду башкаруу” багыты боюнча Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтун да артыкчылык менен аяктадым. Азыркы учурда маалыматтык корпорацияларды башкаруу маселелерин анализдөө боюнча кандидаттык диссертациямдын үстүндө иштеп жатам.

Мен политехникалык институтка тапшырып жатканымда кесип эмес, сапаттуу техникалык билим деген нерсени тандагам деп ойлойм. Политех өз учурунда Кыргызстанда гана эмес, Советтер Союзунда да алдыңкы жогорку окуу жайларынан болгон. Мыкты академиялык базага, профессордук-окутуучулук курамга ээ эле. Бул жерден алган билимим менин кийинки өнүгүүмө мыкты пайдубал катары кызмат кылды.

 

БААУга чейин кайсы жерде иштедиңиз эле

Политехникалык институтту аяктагандан кийин бир нече жыл ЭЭМ заводунун атайын конструктордук бюросунда иштегем. Ал жерде чогуу иштеген кесиптештеримди дагы эле кубаныч менен эстейм: жаратмандык, жумушка болгон өзгөчө мамиле, достук атмосферасы жана эң жогорку профессионалдуулук бар болчу. Мен үчүн мыкты мектеп болду. Ошентип 90-жылдар келди, үй-бүлөлүү болдук, балабыз пайда болду, бир нече жыл иштебей калдым, ЭЭМ заводу да ишин токтоткон эле. 90-жылдардын ортосунда КР Улуттук китепкаасында маалыматтык технологиялар боюнча башкы китепканачы болуп, Кыргызстандагы Укуктук маалымат борборунда эмгектендим. Андан кийин китепкананын автоматизация бөлүмүнүн жетекчиси, КР Улуттук Банкынын автоматизация жана жаңы технологиялар боюнча мүдүрүнүн орун басары болуп иштедим.

 

БААУга келүү жолуңуз

2002-жылы Камила Душебаевна Шаршекеева мени БААУга китепкананын мүдүрү катары чакырды. Мен үчүн бул татаал кыйын чечим болду. Бир учурда Улуттук китепканадагы бир нече долбоорду бүтүрүүгө жана БААУ китепканасын кайрадан уюштурууга дуушар болдум.

 

БААУда эмнелер сизге өзгөчө жагат

Тагдырымды БААУ менен байланыштыруу чечимин алууга таасир кылган негизги себеп катары, бул жерде менин эң сонун пландарымды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнүн пайда болушу эсептелет. Иштөө абдан кызык болду – эң башкысы алдыдагы горизонтторду көрүү жана аларга жетүү жолдорду табуу болуп саналат. Мисалы, коллекцияларды өнүктүрүү үчүн каражаттарды биз “Ачык Коом” Институту, Сейбр Фонду, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү башка уюмдар менен түздөн-түз иштешүү аркылуу таптык. Китепкананын имаратын кеңейтүү жана заманбапташтыруу туура келди – мында БААУ жетекчилиги имараттын биринчи кабатын реконструкциялоо боюнча пландарды колдоого алды. Башкача айтканда, демилгечилик, профессионалдуулук жана алдыга умтулуу кыймылдарын талап кылынган жана бааланган. Мына мен муну БААУнун  “руху” деп атаймын. Бул нерсе жаратмандыкка жана олуттуу жыйынтыктарга жетүүгө өбөлгө түзүп берет.

 

Сиз үчүн жашооңузда эмне  эң маанилүү болуп эсептелет

Менин жакындарымдын дени сак жана бактылуу болушу – мен үчүн эң маанилүү.

 

Кайсы музыкалык аспапта ойноону үйрөнгүңүз келет?

Пианино ойногум келет эле. Бирок бала кезимде убактым жана сабырым жетпей койгон, убактымдын көбү профессионалдык спортко арналган. Мен көркөм гимнастика боюнча машыккам, ал түгүл Кыргызстандын курама тобунун мүчөсү да болгом. Пианинону ойногонду үйрөнбөй калдым го. Бирок мен ооз комуз боюнча бир нече сабак алгам. Бул аспаптын үнү сырдуу жана сыйкырдуу келет экен.

 

Үй жаныбарлары ээлерине окшош деген макулсузбу

Эми тышкы келбети боюнча окшоштугу жөнүндө эч нерсе деп айткым келбейт, бирок жаныбар менен ээсинин ички дүйнөлөрү окшош болушу ыктымал деп ойлойм. Мен француз бульдогун баккам, анын мүнөзү татаал болчу, өз дегенин бербеген, бирок жан дили менен берилген жана сүйгөн жандык эле. Балким бул сиз үчүн орунсуз болушу мүмкүн, бирок сиз баккан жандык сизди сөздөрсүз “сезе алат”, кандайдыр бир көзгө көрүнгүс белгилер аркылуу көңүлүңүздү түшүнөт, сизди колдоп, өзүнүн жылуулугун жана сүйүүсүн бөлүп берет.

 

Элсиз аралга кайсы үч нерсени жаныңызга алат элеңиз

Үчтү эле алса болобу?! Бул мүмкүн эмес да, ал түгүл мен “эл жашаган” өлкөлөргө деле барганда керектүү керексиз нерсенин көбүн алам, ал эми ээн аралга бараарымда эмне ала турганым боюнча оюм да жок, элестете албай турам.

 

Өмүрүңүздө сизге берилген кайталанбас өзгөчө белек эмне

Чын жүрөктөн берилген ар бир белекти унутулгус, өзгөчө деп эсептеймин. Мен үчүн бардык белектер баалуу. Албетте, уулумдун мен үчүн арнап берген куттуктоо каттарды жана өз колу менен жасаган буюмдарды өзгөчө жылуулук менен эстеп жүрөм.

 

Кайсы ашкананы артык көрөсүз

Даамдуу тамактары болгон бардык ашкананы жакшы көрөм, менин тамак-аш боюнча өзгөчө талаптарым деле жок, андыктан кайсы бирин артык кылып тандай албайм.

 

Сиз ар бир адамга өзү үчүн эмнени кылып көрүүнү сунуштайт элеңиз

Адамдардын өздөрүнө ишеничин жоготпоосун жана коюлган максаттарды ишке ашыруусун сунуштар элем. Кошумча катары, сөзсүз түрдө жумуштан сырткары кандайдыр бир иш менен алек болуу да керек.

 

Татаал абалдарда чечим кабыл алууда сизге эмне жардам берет

Бардыгынан мурун өз тажрыйбамды жана белгилүү бир өлчөмдө өз интуициямды колдоном. Чечимди кабыл алууда дагы бир маанилүү нерсе катары мага ишенген жана мен аларга ишенген пикирдештер тобунун болушу эсептелет.

 

Канча күндө дүйнөнү айланып чыга аласыз? Кайсы жолду тандамаксыз

Жер шарын бир нече күндө деле учуп айланып чыкса болот. Ал эми жергиликтүү кереметтүү жайларга баруу, сейилдөөлөр жана өлкөлөрдү изилдөөлөрдү камтыган чыныгы саякат болсо күн эмес көптөгөн жылдарды талап кылат. Саякаттын маршруту маанилүү эмес, башкысы дайыма жаңы нерселер болуусу зарыл.

 

Эң жакшы көргөн түс кайсы

Маанайыма жараша ар кандай түстөр сүйүктүү боло алат. Кызыл, кара түстөрдү жакшы көрөм.

 

Сүйүктүү жазуучуларыңыз кимдер

Классикадан алсак, Достоевскийдин чыгармаларын бүгүнкү күнгө чейин деле кайрадан окуй бермекмин. Азыркы жазуучулардан В.Пелевиндин чыгармачылыган баалайм.

 

Сүйүктүү акындарыңыз

Акыркы жолу качан ыр саптары жазылган китепти колума алганымды эстей албагандыгымдан уялып турам. Жашообуздун ыргагы, поэзияга көңүл бурууга шарт бербей жатат. Мектеп программасындагы көптөгөн ырлар эсимде, Лермонтовду өзгөчө жакшы көрчү элем.

 

Сиздин эң жакшы көргөн адабий каарманыңыз

Менде андайлар жок. Тууроо үчүн каармандар же кумирлер деги эле жок. Кээ бир адамдардын мүнөздөрүнүн кээ бир өзгөчөлүктөрү жагат, андыктан кээде алардан өзүмдүн өнүгүүм үчүн бир нерсе алып калгым келет.

 

Алдыбызда Жаңы Жыл келе жатат, үй-бүлөңүз менен бул күндү кантип майрамдайсыңар

Көптөгөн үй-бүлөлөр катары, биз Жаңы Жылды үй-бүлөбүз менен тособуз. Бардык туугандарды, балдарды, неберелерди чогултууга аракет кылабыз. Бардыгына белек даярдайбыз, аларды бир - бирибизге беребиз. Даамдуу тамактарды даярдайбыз. Үйдөгү эң кичинелер ырларды ырдашат, бул үчүн кошумча белек алышат. Саат он эки болгондо каалоо-тилектерибизди айтабыз. Бардык нерсе жакшы болуп жатса, демек кыялдар орундалат.

 

Окурмандарыбыз үчүн каалоо-тилектериңизди айтып коюңуз

Мен ар бир адамга бакыт каалайм. Ал бардык адамдар үчүн ар башкача болот: үй-бүлөлүк, ата-энелик бакытка жетүү. Жаңы Жыл майрамында дайыма кичинекей керемет болот. Жаңы Жылда коюлган максаттарга жетүү үчүн жетиштүү өлчөмдө күч-кубат жана кайрат болсун. Айта кетчү нерсе – дүйнө, жашоо өзүнүн турушу менен эле абдан сонун, болгону аны көрө билүү керек!

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028