鶹ý

БААУ - жылдын мыкты өнөктөшү

БААУ - жылдын мыкты өнөктөшү

14&Բ;декабря&Բ;2012

Талант жана сулуулук, профессионалдуулук жана талыкпаган эмгек – өз эмгегине тете бааланган сапаттар!

Жашоодо эч нерсе оңой менен боло бербейт. Эмгекчилдик, дүйнөнү жакшы тарапка өзгөртүүгө умтулуу жана өз ишиңди сүйүү  асмандагы жылдыздарга да жеткирет. Ак эмгектин түшүмү өзүн көпкө күттүрбөй, дароо мөмө берип баштайт жана дайыма өзүн актайт.

 

БААУ “Супер-инфонун” ою боюнча 2012-жылдын эң мыкты өнөктөшү катары табылды!

 

Борбордук Азиядагы Америкалык университетке ишенимдүү өнөктөштөрдүн – Кыргызстандын алдыңкы өнүккөн уюмдарынын арасында мыктысынын мыктысына катары ардактуу сыйлык тапшырылып берилди.

 

Басылма ММКнын тиражы боюнча лидер болгон “Супер-инфо” гезити 2006-жылдан бери концерт уюштуруп, анда ар түрдүү номинациялардагы эң мыктыларды белгилеп чыгат. Бул жылы, ата-мекендик эстраданын популярдуу жылдыздарынын катышуусу менен өткөн концерт Спорт Ордосунда 7-8-декабрда болгон жана гезиттин 10-жылдыгы менен бирге белгиленген. Конкурсту “Супер сулуу 2012” сулуулук конкурсу кооздоп, буга 11 кыз катышты. Эң жогорку наамдын, кымбат таажынын жана экзотикалык өлкөгө саякаттын сертификатынын ээси болуп 17 жашар Гузеля Кельдибаева аныкталды. Калган катышуучуларга эстелик үчүн белектер берилди.

 

Жыл сайын өтүп туруучу “Мыктылардын мыктысы” деген конкурстун номинанттары, веб-баракчасында бир жыл ичинде өткөрүлгөн добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталды.

 

Курамына БААУнин  PR мүдүрү – Динара Орозбаева жана ошондой эле шоу-бизнестин, маданияттын, спорттун жана башка тармактардын белгилүү өкүлдөрү кирген жюри төмөндөгү номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдү аныктап чыкты: “2012-жылдын супер ырчы айымы”, “Заманыбыздын супер ырчы тобу”, “Жылдын супер ырчы мырзасы”, “Супер ыр”, “Сахна ажары”, “Сахна адамы”, “Супер дебюту”, “Супер топ”, “ Сахнанын кош жылдызы”, “Жылдын каарманы”, “Жылдын супер клиби”, “Супер күлкү жаратуучусу”, “Жылдын супер тасмасы”, “Супер актёру”, “Супер актрисасы”, “Жылдын супер ТВ персонасы”, “Жылдын супер спортчусу”.

 

Салкын Ибраимова

БААУ Административдик маселелер боюнча ассоциацияланган вице-президенти

БААУ мындай наамга биринчи жолу жетүүдө. БААУ эң мыкты университет болгону талашсыз. Менин мында шегим жок. Билим берүү системасын абдан жакшы билемин, себеби БААУга чейин Кыргызстандын 4 жогорку окуу жайында иштегем, мисалы Улуттук университетте, бирок  БААУ эң мыктысы болуп саналат. Мисалы, бүгүн “Супер-инфо” гезитинин он жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Биринчиден, бул гезит кыргыз тилинде чыгат жана анын окурман - аудиториясы жаштар болуп саналат. Менин оюмча, БААУ мындай сыйлыкка талапкер болуусу менен сыймыктаныш керек. Биздин эң мыкты өнөктөш наамын алганыбыз, биздин таанымал болгонубузду билдирет, биздин ким менен гана иштебесек да дайыма ишенимдүү өнөктөш болуп келгенибизди айгинелеп турат. “Супер-инфо” гезити болсо жакшы гезит, биз алган сыйлык да абдан кадырлуу деген ойдомун. Негизги окурмандары жаштар болгон, бул гезит аркылуу, биз жөнүндө көп сандагы таланттуу, заманбап талаптарга жооп берген татыктуу билим алгысы келген улан-кыздар кабардар болот деп үмүттөнөм. Бул иш-чара менде таасир калтырды, мага абдан жакты. Мында бардык нерсе, өзгөчө номинациялар жаатында алдын ала ойлонулган экен. Келечекте да биз узак мөөнөттүү бекем кызматташтык ичинде болоорубузга, ошондой эле башка номинацияда да талапкерлигибиз коюларына ишенебиз. Экинчиден, номинациялар абдан жакшы ойлонуштурулган экен. Гезиттин редакциясы эң керектүү номинацияларды кучакка алууга жана белгилөөгө аракет кылган. Ашыкча эч нерсени көрбөдүм, ал түгүл көрөрмандардын реакциясы боюнча бүгүнкү майрамдык иш-чаранын толугу менен ишке ашканын сездим. Кээде концерттер адамды зериктирип, чоюлуп кетет, бул иш-чара болсо абдан көңүлдүү өттү. Бардыгы так өттү, шоу-бизнес үчүн мындай иш-чаралар саамалык болбосо да, мен мындан ырахат алдым. Убактымды аябастан, биздин университетибиз, БААУ, кесиптештерибизди колдогонго келдим. Динаранын аткарган ишини өзгөчө белгилегим келет. Ал абдан жакшы жумушту аткарды. Бул биздин “PR-кеңсебиздин” алдыга шилтенген абдан чоң кадамы болду.

 

Свен Стаффорд

БААУ өнүгүү боюнча вице-президент

Мен бүгүн биринчи жолу Спорт Ордосунун концерттик залында болгон Кыргызстандын жылдыздары катышкан концертке күбө болдум. Негизинен мен бул имараттын башка бурчунда баскетбол ойнойм, а ушул эле имаратта ушундай кызыктуу иш-чаралар болгонун билген да эмесмин. Концерттин өзү мага абдан жакты, бир аз башкачараак, коюлушу бөлөкчөрөөк экен. Мен жергиликтүү бий тобунун “GangnamStyle” номери менен болгон биринчи оюнга өзгөчө көңүл бурдум, Кыргызстан менен эч байланышы болбосо да чындыгында эле кызыктуу, көңүлдүү өттү. Бирок бул бий эң баштан эле концертте абдан күчтүү оң маанай жаратты жана көрүүчүлөрдүн көңүлүн туура жөнгө салды. Ал эми улуттук ырларды ырдаган ырчылар элдин бардыгын өздөрүнүн үндөрү менен сыйкырлап койгондой болду. Менде концерт жөнүндө абдан жакшы элестер гана калды. Ыраазычылык билдирем!

 

Динара Орозбаева

БААУ PRүдүрү

Мен, албетте, биздин ушул сыйлыкка жеткенибизге абдан кубанып жатамын. Гезит менен иштешкенибизге жарым гана жыл болсо, ушундай жетишкендикке ээ болдук! Бизге аткарган ишибиз, профессионалдуулугубуз үчүн баа берилди. Бул менин гана эмес, БААУ PR кеңседе иштеген бардык кызматкерлердин да сиңирген эмгеги болуп саналат. Биз терең ыраазычылык билдиребиз. Жалпысынан айтканда, эсте каларлык сыйлык берүү иш-чарасы абдан жаркын жана кооз болду. Өмүрүмдөгү эң көрүнүктүү окуялардын бири болду деп айта аламын. Уюштуруучулар абдан чоң аракет жумшашты. Менимче, мындай даражадагы сыйлык жалгыз калбайт, бул мунун башталышы гана! Ал эми жюринин курамында иштөө – мен үчүн аябагандай оор болду, анткени бардык кыздар сулуу, акылдуу жана таланттуу болчу. Сыйлыкка татыктуусун тандадык деген ойдомун.

 

Самат Гуронов

“Билайн” аймактык мүдүрү

Мен мындай иш-чараларда жюринин ичинде биринчи жолу киришип жатамын, мага бардык нерсе жакты, көп сандагы жаңы артисттерди көрдүм. “Чоро” тобун өзгөчө белгилеп кетким келет. Сулуулук конкурсу жөнүндө кеп кыла турган болсок, бардык талапкерлердин жетиштүү даражада сулуу болгонун айта аламын. Алар абдан толкунданып жаткандыгы сезилип жатты, тандоо кылуу кыйын болду. Мен эки кызды белгиледим эле, акыры ошолордон бирөөсү жеңүүчү болуп чыкты.

“Супер-инфо” гезити кыргыз тилинде жарык көргөн эң тираждуу басылма каражат экендигинен кабардармын, биз бул ММК менен мурдатан бери өнөктөшпүз жана биздин жакын достук мамилелерибиз бар.

Мен өзүм БААУнун бүтүрүүчүсүмүн, магистратураны 2 жыл мурун аяктап, МВА даражасына ээ болдум.

 

Канат Мамытов

Борбордук Азияда “Sela” дүкөндөр тармагынын генералдык мүдүрү

Бүгүнкү концерт жана конкурс тууралуу, менде жакшы гана ой-пикирлер калды. Жалпысынан бардыгы абдан жакшы уюштурулуптур. Конкурска аялзаттын эң мыкты өкүлдөрү катышты деп айта алам. Чындыгында эле эң сулуу жана татыктуу жеңди деген ойдомун. Мен 6-номердеги кызга күйөрман болуп жаттым, акыры ал жеңди.

“Супер Инфо” гезити бүгүн чоң ишти аткарды: көп сандагы элди, бир жерде жана бир саатта чогултуу оңой иш эмес, менин оюмча бул кечеге келгендин бардыгы ыраазы болушту.

 

Гузеля Кельдибаева

“Супер Сулуу 2012” номинациясындагы жеңүүчү

Мен “Канышай L” сулуулук салонунда визажист-косметолог болуп иштейм. Ичимде укмуштуу таасирлер калды! Абдан сүйүнүп жатам! “Супер-инфого”, уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды билдирем! Гезитти он жылдыгы менен куттуктайм, ийгилик жана бардык жакшылыктарды тилеймин!

 

Бурул Исмаилова

“Супер Инфонун” башкы редактору

Биз бир жыл ичинде маданият, көркөм өнөр тармагында өз жетишкендиктери менен өзгөчөлөнгөндөрдүн же мамлекеттин өнүгүшү үчүн чоң салым кошкон компаниялардын эң мыктыларын тандайбыз. Жыл сайын бул салтанаттуу иш-чара чыдамсыздык менен күтүлөт, анткени коомдун бакубаттуулугу үчүн кимдин ар дайым натыйжалуу иштегендигин көрсөтүү абдан маанилүү. Албетте булардын арасында БААУ дароо айырмаланып, жылдын эң мыкты өнөктөшү катары алдыга озуп чыкты. Ошону менен бирге, БААУнун таанылышы үчүн талыкпай иштеген Динара Орозбаеваны өзгөчө белгилеп кетким келет. Биз аны чакырып, жюринин курамына коштук, себеби ал менен чогу иштеген кыска, бирок нуска мөөнөт ичинде анын биринчиден ажардуу, экинчиден көп тараптуу, объективдүү жана адилеттүү адам экендигинен эч шегибиз калбады. Мунун үстүнө, ал кемтиксиз ишмердүүлүккө жөндөмү бар.

Эмне үчүн БААУ жылдын эң мыкты өнөктөшүнүн наамына ээ болду? Анткени биз сурамжылоолордун, редакциябызга келип түшкөн суроолордун жана сунуштардын жардамы менен эң орчундуу маселелер боюнча маалыматтарды, окурмандарыбыздан алып, жыйынтык чыгарабыз. Жеңүүчүлөр рейтингдин жыйынтыгы боюнча аныкталат. Биздин чоң аудиториябыз бар, аны негизинен жаштар түзөт – бардыгыбызды билимдин сапаты толкундандырат, мындайча биздин гезит аркылуу көптөгөн окурмандар БААУ ичиндеги билим берүү тууралуу маалыматтарга ээ болушат. Биздин көп сандагы окурмандарыбыз, өзгөчө ата-энелер БААУ тууралуу маалымат алгылары келет. Алар студенттердин кандай шарттарда жашаганын, окуу материалдарынын абалын жана дагы көптөгөн нерселерди бизге телефон чалып сурашат. БААУ тууралуу толук маалымат алуу жөнүндө өздөрүнүн каалоолорун айтышат. Биз Динара Орозбаевага телефон чалып, окурманды эмне кызыктыргандыгын айтып беребиз. Ушундай тыгыз байланыштагы кызматташтыкка таянып, БААУ албетте алдыга озуп чыкты, элдин ишеничине жетип, “2012-жылдын эң мыкты жана ишенимдүү өнөктөшү” сыйлыгына ээ болуп чыкты.

 

Неля

Ырчы, “Кош жылдыз” сыйлыгынын ээси

“Супер Инфо” жыл сайын бардык компанияларды, чыгармачыл адамдарды, аларды бириктирип, ушундай сыяктуу керемет иш-чараларды уюштурат. Иш-чара мындай жогорку деңгээлде өтүп жатканы үчүн уюштуруучуларга терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ушундай номинацияларды ойлоп тапкандары үчүн рахмат, эми мындан ары адамдар кандай бийиктиктерге умтуларын жана аларды эмне күтүп жатканын билишет, бардыгында иштөөгө болгон чоң стимул жана каалоо пайда болот. Ошондой эле сизди да ардактуу сыйлыкка ээ болгонуңар менен куттуктаймын! БААУ эң престиждүү, жаштарга сапаттуу билим берген жогорку окуу жайы болуп эсептелет. БААУ бүтүрүүчүлөрү Кыргызстанда гана эмес, эл аралык даражада да атаандаша алышат. Биз БААУну жакшы көрөбүз жана мекенибизде жогорку даражадагы жогорку окуу жайы болгондугу менен сыймыктанабыз.

 

Кылычбек Саркарбаев

Эрежесиз эр уруш боюнча Евразия чемпиону, ММА версиясы боюнча Эл аралык беттештин жеңүүчүсү жана “Жылдын супер спортчусу” номинациясындагы жеңүүчү

Ийгилик кокустан боло бербейт, ал чоң эмгек, далай кан жана тердин агышы, алсыртуучу жана туруктуу машыгуулар менен келет. Күрөштүн бул түрү, өзүнүн кайталанбастыгы менен өлкөбүздө абдан белгилүү жана элдин калың катмарына чейин сиңгендиги үчүн көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Биздин турнирге самбисттер, тай боксчулары, “куралсыз мушташуучулар” жана башка күрөш чеберлери да чоң каалоо менен катышышат. Элет жерине болгон иш-сапарларыбыздын жардамы менен ата-мекендик мектебибиздин өнүгүшү үчүн бул сезондо чоң салым кошо алдык. Менин оюмча, эми биздин атагыбыз мындан да катуу күчөп, күрөшүүчүлөрдүн катары да кеңейет. Демек, дагы көп жаштар спортзалдарга келет жана көчөнүн терс азгырыктарынан арылат. Бизде таланттуу күрөшүүчүлөрүбүз көп, тажрыйбалуу машыктыруучулар менен чогуу алардын спорт чеберлери болуусуна жардам бере алабыз. Бүгүн мен, БААУ сыяктуу ардактуу сыйлыкка, “Жылдын супер спортчусу” наамына ээ болдум жана ишимдин, жеңиштеримдин кадырланышы катары “Супер Инфодон” кичинекей статуэтка алдым. Сиздерди да жеңишке жетишиңиз менен куттуктайм! Студенттериңер спортту унутпашын, келечекте спорттук багыттагы факультеттин ачылышын каалайм. Ошондо студенттериңер жогорку квалификациялуу адис гана эмес, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиондору болуп чыгышар! БААУ мындан ары да өркүндөп өсүшүн, ийгилик жана улуу жетишкендиктерге ээ болушун каалайм!

 

Ошентип, “Супер Инфо” версиясы боюнча жылдын тандоосу да болуп өттү.

 

Ийгилик – элес-булас зат. Атак-даңк, таанымалдуулук, престиж жана сапаттын аркасында бекем үй-бүлө – ынтымактуу БААУ, “жөлөк” болсо – анда бул жерде башка кеп болот. БААУ коомчулугунун бардык мүчөлөрүндө коопсуздук сезими бар, анткени бул жерде бардыгы бир-бири жөнүндө кам көрөт. Ата-эне өз балдарына кантип кам көрсө, БААУ жетекчилиги дагы өз студенттери жөнүндө ошондой кам көрөт, кайра айланып келип, биз да студенттерден ыраазычылыкты билдиргенин жана кадырын билип жүргөнүн көрүп турабыз. Бардыгыбыз бакубат келечек үчүн иштөөдөбүз.

 

БААУ коомчулугуна өзүңдүн жылуу жылмаюуңду көрсөт, анткени бул жерде чын жүрөгүнөн иштеген жана окуган адамдар, балдарыбыздын сапаттуу, татыктуу өмүрү үчүн эмгектенип жатышат!

 

Биз өз ишибизди сүйөбүз жана сиздин жасаган ишиңизди, салымыңызды баалайбыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028