鶹ý

БААУда студенттикке арналуу

БААУда студенттикке арналуу

15&Բ;ноября&Բ;2012

Эндрю Вахтель

Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин Президенти

 

- Жыл сайын 8 ноябрда бизде студенттердин салтанаттуу студенттикке арналуу кечеси өткөрүлөт. Биздин студенттик спектаклибиз бар. Мында окутуу жылынын башынан биздин биринчи курстагы студенттерибиз үчүн даярдык көрүлө баштайт. Спектаклдин режиссёру Николай Григорьевич Шульгин. Бул киши биз менен университеттин түптөлүшүнөн бери иштеп келе жатат.

Спектаклдин жүрүшүндө кандайдыр бир тема козголгон. Бул жылы Майя жылнаамасы боюнча аныкталган “Кыямат” темасы тандалган. Бир жагынан бул спектакль музыка, бий менен коштолгон, ошондой эле көп өлчөмдө күлкүлүү оюндар да ойнолду.

Биздин студенттик спектакль кайталанбас. Бул биздин жергиликтүү салтыбыз болуп эсептелет, биз буга ар дайым дем берүүгө аракет кылабыз, анткени университеттин руху үчүн мунун маанисин түшүнөбүз. Бул спектакль студенттердин жашоосунда да маанилүү ролго ээ. Биз көргөндөй, бийликти өткөрүү салтанаты жана биринчи курстун студенттеринин салттуу ант бериши БААУда студенттик жашоого кирүүнүн жакшы ыкмасы болуп саналат, мында университет бир гана окуу эмес, шаңдуу, көңүлдүү жашоо экени да көрсөтүлгүсү келген. Студенттик спекталь БААУдагы жашоонун айрылбас бөлүгү болуп саналат жана мында достук менен чыгармачылык атмосферасы өкүм сүрөт. Менимче, бул жердеги жашоонун бул бети да чоң мааниге ээ.

Бизде атайын вокал, бий, театр факультети болбогонун эске алуу менен, биздин студенттер спектаклди жогорку даражада коё алышты, мени бүгүнкү күндүн натыйжасы абдан канагаттандырды. Биз көркөм өнөрлөргө ээ студенттерди тандап албайбыз. Бул нерсени бардыгы – студенттердин өздөрүнүн демилгеси болуп саналат. Эгерде адам таланттуу болсо, анын бардык нерседе таланты болот. Биздин студенттер акылдуу, чыгармачыл, атаандаша алган жаштар болуп эсептелишет.

Мындай иш-чаралар аларга бардык нерсе колдон келет деген ой-пикирди сиңирет. Башында алар эмнеге жөндөмдүү экендиктери тууралуу кабарлары да болгон эмес, бирок иштин жүрүшү боюнча алар муну билип, ар кандай жолдор менен өздөрүнүн жолун издей башташат. Аларга өздөрүнүн ойлогондорун толук бойдон ишке ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр берилет.

Биз бардык студенттерибиз өздөрүнүн жолун Кыргызстанда таап кетсе экен деп тилейбиз. Бирок бул жерде КАНТИП деген суроо пайда болуп жатат. Бул абдан татаал суроо. Кыргызстанда калып, эч өнүкпөй туруп, буга жооп издөө кыйын. Дүйнөлүк даражада окуу жана тажрыйба алуу керек. Бирок эмнегедир элдин бардыгы студенттер чет жакта калып калат деп ойлошот. Бул андай эмес! Студенттерибиз тажрыйба жана билимди топтоп алып, аз болсо да кайра кайтып келишүүдө. Билесизби, мен аларга ар бир жолу караганда, аларга америкалыктарга, жыргалчылык жашоодо, бардыгы даяр болгон өлкөдө жашагандарга салыштырмалуу канчалык кыйын экендигин көрүп турамын. Бул жерде алар көп нерсени кылышы керек. Бирок мунун оң жагы да бар – алдыга өскөнгө мейкиндик бар.

Биз даярдаган жаштар – бул жөн гана Кыргызстандын келечеги эмес, алар бүгүнкү күндүн кыйынчылыктарынан чыгуунун дээрлик жалгыз үмүтү болуп саналышат. Эгер алар муну каалап, болгон күчүн бирге колдонуп коюшса эле, мен ишенемин, алар керемет жаратышат, бардыгы колдорунан келет!

 

 

Арзыматов Жеңишбек

USAID’дин КР ЖК көмөктөшүү  боюнча Программасынын башкы адиси

 

Жеңишбек Арзыматов көптөгөн жылдардан бери Кыргызстанда укуктун үстөмдүгүн бышыктоо жана демократиялык курулуш боюнча ар түрдүү программаларда эмгектенип келген. Ал алдыңкы эл аралык уюмдардын (USAID, ЕККУ/ДИАУБ, Америкалык юристтер ассоциациясы ж.б.) программаларында иштеген. АКШнын Огайо Түндүк Университетинин юридикалык колледжинин демократиялык башкаруу жана укук үстөмдүгү боюнча магистрдик даражанын ээси. Ошондой эле ал шайлоо укугу, адвокаттык этика маселелери, стандарттык адилеттүү соттук териштирүү  боюнча машыктыруучу болуп саналат.

-   Оюн ушунчалык жандуу жана кызыктуу болду, мунун себептеринин бири катары анын жаратуучуларынын, башкача айтканда студенттердин ой-пикирлеринин ар түрдүүлүгүн эсептейм. БААУнун өзгөчөлүгү, руху сезилет. Албетте, эркин ойлоонун таасири да бар. Кыргызстандын жаштары үчүн бул катардагы нерсе эмес. Мен үчүн БААУ демократиянын аралчасы болуп саналат. Бул жерде студенттер жан дили менен кысымсыз окушат. Жаңы тапшырган студенттерге кааларым, БААУ берген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушсун. Пайдалуу маалыматтын максимумун алышсын, Алдыга кадам таштап, жаңы бийиктиктерге жетишсин.

 

 

Станислав Карпович

БААУ камкорчулар кеңешинин өкүлү. Кыргыз-америка факультетинен 1996-жылы окуусун бүткөн,университтин биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн.

-   Ар дайым болгондой эле таң калтыруучу шоу болду! Мыкты ойнолду! Шульгин мырза мурдагыдай эле өзүнүн нугунда. Бирок эң башкысы, бул студенттердин сиңирген эмгеги. Сахнада студенттер эмес эле, чыныгы адистер, өзүнүн ишинин усталары – ырчылар, бийчилер ойногондой болду. Бардыгы оң маанайда өттү. Мына ушулардын бардыгы БААУ студенттеринин башкача болгонун далилдейт. БААУ – бул менин альма-материм. Мен өзүмдү динамикалуу маданияттын мүчөсүмүн деп эсептейм. Мен БААУну башка окуу жайлар менен салыштырууга мажбур эмесмин, мен толук ишенич менен бул студенттердин ийгиликке, позитивдүүлүккө, динамикага, кыйынчылыктарды чечүүгө, эң башкысы – ар дайым алга умтуулгандарын айта алам. Эң маанилүүсү да – бул нерсе алардын колунан келип жатат. Алар дайыма бир жакка ашыгып жүрүшөт, бир нерсеге жеткилери келет. Жөн гана БААУга тапшырып, бул маданияттын даамын татып көрүү зарыл. Бүгүнкү иш-чарада, жаңы тапшырган студенттер, биринчи курстагылар, чоң курстагы студенттер даярдап берген программа менен дүрмөттөлүп алышты. Мындай иш-чараларга ата-энелердин катышуусу абдан маанилүү. Мында ата-энелер балдарын БААУга окууга тапшырткандарында туура чечим кылгандыгы тууралуу чоң ишеничтүүлүктү баамдоого жардам берет.

 

 

Крегг Халстед

USAID’дин КР ЖК көмөктөшүу боюнча Программасынын жетекчиси. Постсоветтик аймакта 15 жыл жемиштүү эмгектенген. Кыргызстанда бир жарым жылдан ашуун иштөөдө.

-  Таланттуу, өзүнө ишенген жаштарды көрүү абдан кубанычтуу болду. Оюн профессионалдуу даражада даярдалып аткарылды. Оюндун жүрүшү боюнча мени бул жаштардын он жылдан кийин эле бийликке келери тууралуу ойлор таштабады. Ушундай эле чечкиндүү, динамикалуу, оң маанайлуу болушат. Алар демократиялык өзгөрүүлөрдү өздөрү менен алып келе алышат. Бул өзгөрүүлөр БААУнун жардамы менен келери мени абдан кубандырат. Бүгүн мен БААУнун бардык студенттерине кажырдуулукту каалайт элем, мүмкүн болушунча бардык нерседе өзүнөн кайтпоо – бул бүгүнкү күндө абдан маанилүү. Туруктуулук жана уюшкандык – бардык адамзаттын ийгилигинин сыры боло турган критерийлер болуп эсептелишет.

 

 

Назгүл Насиева

Продюсер, журналист

- Менин көңүлүмдө абдан терең из калды, бул жерде жөнөкөй студенттер эмес эле көркөм өнөр факультетинин студенттери чыккандай болду. Силерде ушундай таланттуу, катардагы эмес, өзгөчө студенттер окуганына абдан кубандым. Силерде ушундай мыкты коюучу-режиссёрлор, чоң сахнада чыгууга үйрөткөн адистер иштегени абдан жакшы көрүнүш. Эгер студенттер мындай ыргак менен алдыга кете беришсе, алар жөн гана академиялык билимди албастан, искусство илимине да ээ болуп чыгарына ишенем. Мен муну чоң жетишкендик деп эсептеймин!

 

 

Азамат Арыков

Кинорежиссёр

Бул жерде абдан сонун, өзгөчө нерселер көрсөтүлдү! Мен көрсө биздин жөнөкөй эле концерттерибизге көнүп калыптырмын, ал жерде алып баруучу бизге таанымал болгон “Саламатсыздарбы, урматтуу көрөрмандар! Биз силерди бүгүн биздин концертте көрүүдөн абдан кубанычтабыз. Сахнага баланча-түгүнчөнү чакырууга уруксат этиңиздер....” деген сөздөрдү угам го деп ойлогом. Ал эми мен көргөн нерсе болсо, мен үчүн абдан жагымдуу күтүлбөгөндүк болду. Спектаклда бардык өтүүлөр тыкандык менен ойлонулган экен. Студенттер башынан аягына чейин бир концепцияны карманышты, көрүүчүгө зеригүүгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Бардыгы жогорку даражада болду, өзгөчө ырчылар, бийчилер, ал эми оюнчулардын юмору мени сыйкырлагансыгандай болду! Бардыгы сонун! БААУнун студенттери ушунчалык таланттуу болгондоруна таң калып жатам! Бардык нерседе таланттуу экен! Программа абдан мыкты даярдалган!

 

 

Али Токтакунов

Журналист, “Азаттык” программасынын теле алып баруучусу

-   Мыкты! Жөн гана мыкты! Мен бул балдар жана кыздар менен суктанамын. Анткени алар БААУга тапшыра алышты! Байкап койгула, бул жерге каалагандын бардыгы эле өтө бербейт. Бүгүнкү иш-чара боюнча, мен оң таасир алдым жана бир жумага жете тургандай энергия топтодум. Мага бардыгы жакты. Спектакль жогорку даражада өттү!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028