鶹ý

БААУда биринчи жолу жыл сайын өтүүчү Эл аралык Get engaged 2022 конференциясы орун алды

БААУда биринчи жолу жыл сайын өтүүчү Эл аралык Get engaged 2022 конференциясы орун алды

29&Բ;июня&Բ;2022

##osun##bard##auca

Быйыл тарыхта биринчи жолу конференция БААУда орун алды. Get Engaged 2022 бакалавриаттын студенттерин коомдук мүнөздөгү глобалдык жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө аралашкан лидерлер менен инноваторлордун ааламдык түйүнүн бекемдөө үчүн бириктирет. Конференциянын максаты бакалавриаттын бардык студенттерин бириктирүү жана алардын долбоорлорду эффективдүү алып баруу үчүн лидерлик жана бет ачарларды жасоо ыкмаларын бекемдөө болуп саналат. Конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн студенттер жана координаторлор чакырылды.

Иш-чаранын расмий ачылышы жума күнү, 24-июнда БААУнун жыйындар залында өткөрүлдү. Хакатон-сессиянын жүрүшүндө катышуучуларга бири-бири менен таанышуу мүмкүнчүлүгү берилип, андан соң алар өз долбоорлорун ишке ашыруу жана бет ачар жасоо үчүн топторго бөлүнүп, иштеп чыгуунун баскычтарын талкуулашты.

Дем алышта катышуучулар климат жана туруктуу өнүгүү, гендердик теңчилик, билим берүү, искусство, иллюзия жана башка ушул сыяктуу учурдун актуалдуу көйгөйлөрүнө токтолушту. Семинарлар учурунда Эл аралык профессорлор менен эксперттер төмөнкү темаларда докладдарды жасашты: “Эл алдына чыгып сүйлөөлөр” Пол Мариенталь, Бард Колледж, Нью-Йорк; “Визуалдуу видео-сторителлинг” Симус Хиди, ОСУН/Бард Колледж, Нью-Йорк жана Нуржамал Карамолдоева, БААУ, Бишкек; “Долбоорду иштеп чыгуу” Фаиза цу Линар, Бард Колледж, Берлин; “Рекрутинг: ыктыярчылар жана катышуучулар” Флора Расцио, CEU, Австрия жана Шадина Нассара, Аль-Кудс Бард университети, Палестина жана башкалар.

Иш-чаранын уюштуруучулары көңүл ачуу жагын да унутта калтырышпаптыр. Ишемби күнү БААУнун кампусунда ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн баскетболдук беттеш уюштурулуп, ага конференциянын өкүлдөрү жана ыктыярчылар катышты. Кийинки күнү катышуучуларга жаа атуу жана ордо сыяктуу кыргыздын улуттук оюндары тааныштырылды. Андан соң коноктор Супара этно-комплексинде болушуп, улуттук ашкана, элдик искусство жана Кыргызстандын жаратылышынан рахат алышты.

27-июнь, ишемби күнү команданы өнүктүрүүгө, каржылоого жана долбоорлорду иликтөөгө арналган семинарлардын сериясынан кийин БААУнун форумунда постердик сессияга кезек берилди. Постер-сессия коомдук жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндөгү заманбап инновацияларга жарык берди. Катышуучулар социалдык жана экологиялык таасир этүүсү жана глобалдык масштабдоо потенциалы бар долбоорлордун кенен спектрин тартуулашты. Долбоорлордун кээ бир мисалдары: таштандыларды автоматтык түрдө сорттоо, өз-ара аракеттешүү аркылуу окутуу, фемицид менен күрөшүү, технологиялардын жардамы менен балдар эмгегин токтотуу. Конференциянын бешинчи күнүндө катышуучулар өз долбоорлорун аягына чыгаруу үчүн Ысык-Көлгө сапар алышты.

Конференция 30-июнда Ысык-Көлгө болгон сапар менен жыйынтыкталып, анда катышуучулар өз долбоорлорун көрсөтүп, бет ачарларды жасашты. Белгилей кетсек, конференция БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору тарабынан Бард-колледж жана Ачык коом университеттеринин түйүнү менен биргеликте уюштурулду.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028