鶹ý

БААУнун алдындагы Тян-Шань аналитикалык борбору OSUN менен биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун алкагында студенттерди өз изилдөөлөрүн өткөрүү боюнча окутууну баштады

БААУнун алдындагы Тян-Шань аналитикалык борбору OSUN менен биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун алкагында студенттерди өз изилдөөлөрүн өткөрүү боюнча окутууну баштады

10&Բ;мая&Բ;2022

##osun

21-апрелде Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) БААУнун Социология департаментинин ассоциативдик профессору, философия илимдеринин кандидаты, доцент Айжаркын Кожобекованын “Изилдөөлөрдү өткөрүү жана уюштуруу ыкмалары” аталышындагы лекциясы болуп өттү.

Аталган лекция OSUN Жайкы мектебинин жана БААУнун алдындагы Тянь-Шань аналитикалык борборунун (ТАБ) биргелешкен долбоорун ишке ашыруунун алкагында пландаштырылган иш-чаралардын топтомундагы төрт иш-чаранын алгачкысы болду.

Лекциянын алкагында БААУнун Социология департаментинин профессору Айжаркын Кожобекова студенттерге төмөнкүлөрдү түшүндүрдү: изилдөөлөр эмне себептен керек, алар кайсы 5 башкы суроого жооп берүүсү кажет жана изилдөөчүнү көздөгөн багытынан адаштырбаган изилдөө маселеси кандай болушу зарыл?

Андан ары ал студенттердин көңүлүн изилдөөлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү болоруна бурду: иликтөөчү, баяндоочу, түшүндүрүүчү жана баалоочу. Лекциянын аягында Айжаркын Кожобекова сапаттуу эмгекти/анализди төмөнкүдөй суроолорду узатып, билип алууга болорун белгилеп өттү: изилдөө коомго, экономикага жана болочоктогу изилдөөлөргө кандай пайда алып келет?

“Эгер сиз изилдөөңүздүн максаты жөнүндө тыянак чыгара албасаңыз, анда ал кимдир-бирөөгө кызыктуу болору чоң күмөн”,- дейт ал.

Жалпысынан лекция кызыктуу жана пайдалуу болду.

Белгилей кетсек, ТАБ – OSUN долбоорунун алкагында БААУнун 18 ыктыярчы студентттери тандалып алынган. Алар миграция, жайыттарды башкаруу, КРдагы “жашыл” технологиялардын биоартараптуулугун сактап, өнүктүрүү боюнча 5 изилдөө жасоо тилегин билдиришкен.

Ошол изилдөөлөр өткөрүлүп, бет ачары жасалгандан кийин, 2 жеңүүчү команда 2022-жылдын жай мезгилинде Борбордук-Европалык университетте (Будапешт) өтүүчү Policy Lab Fair иш-чарасына бет алат.

Эске салсак, Ачык коом университеттеринин түйүнү (Open Society University Network - OSUN) – бул либералдуу билим берүү, персоналдык автономия идеялары жана эркин коомду алга жылдырууга багытталган университеттердин глобалдык түйүнү.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028