鶹ý

“Журналистика жана массалык байланыштар” факультети жөнүндө бардык маалыматтар

“Журналистика жана массалык байланыштар” факультети жөнүндө бардык маалыматтар

7&Բ;марта&Բ;2022

##jmc##journalism

“Журналистика жана массалык байланыштар” програмасы массалык маалымат каражаттары жана байланыштар тармагында адистерди даярдайт. Ал жалпы билим берүү курстарын журналистика, ММКларды изилдөө, коомчулук менен байланыштар (PR), Эл аралык жана саясий байланыштар боюнча адистешкен кесипкөйлүк курстарды бириктирет. Факультет эки адистикти сунуштайт: “Журналистика” жана “Маркетинг жана коомчулук менен байланыштар”.
Факультет БААУдагы эң эски факультеттердин бири болуп, ал ишмердүүлүгүн 1997-жылдан бери жүргүзүп келет. Факультеттин студенттери компьютердик класс, кесипкөйлүк видео-, фото- жана аудиожабдууларды, компьютердик класстарды колдонуу менен медиаөндүрүштүк ыкмаларын өнүктүрүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөргө ээ болот.

Студенттердин карамагында толугу менен жабдылган телевизиондук студия, монтаждык кабинеттер жана үн жаздыруу студиялары болмокчу. Кесипкөйлүк жабдуулар жыл сайын жаңыланып турат. Тажрыйба арттыруу системасына, практикалык жана теориялык курстарга, ошондой эле университеттин ММКсынын жардамы менен студенттер тармактын эң бийик стандарттарына ылайык келген кесипөйлүк ыкмаларды алышат. Факульеттеги окутуу баарлашууну, сын көз-карашта ойлонууну жана кесиптин этикалык аспектилерин түшүнүүнү өнүктүрүүгө багытталган.

“Журналистика жана массалык байланыштар” багытынын бүтүрүүчүлөрү жергиликтүү жана дүйнөлүк ММКлар жана Эл аралык уюмдарда медиаменеджер, медиа-ишкер жана кесипкөй журналист катары ийгиликтүү эмгектенип келишет: BBC, Associated Press, Radio Free Europe/Radio Liberty (“Азаттык” Үналгысы), Times of Central Asia, Eurasianet, The Conway Bulletin, Nikkei Asian Review, Open Democracy, Freedom House, Internews, Institute of War and Peace Reporting, БУУнун агенттиктери, ЕККУ, Helvetas, Сорос Фонду, Евразия Фонду, GIZ, Deutsche Welle Akademie жана башкаларда.

Ошондой эле бүтүрүүчүлөр билим алуусун “Журналистика” программасы боюнча БААУнун магистратурасында уланта алышат же АКШ, Европа, Азия жана Австралиянын университеттерине тапшыра алышат.


Программа жөнүндө кенен маалыматтарды бул жерден алууга болот: https://dss.auca.kg/bachelor-in-journalism-and-mass-communications/. Эл. почта: jour@auca.kg.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028