鶹ý

ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫ

ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫ

11&Բ;октября&Բ;2012

27-август күнү Борбор Азиядагы Америка университетинин алдында түзүлгөн Жаңы муун академиясынын биринчи окуу жылы старт алды. Аталган окуу жайга 2012-2013-окуу жылында 70 абитуриент кабыл алынган. Окуу жылынын башталышына биз да күбө болгону барып, студенттердин ой-пикирлерин угуп келдик.

 

бүтүрүүчүлөргө чоң мүмкүнчүлүк

 

Буга чейинки сандарда жазгандай, Жаңы муун академиясы (ЖМА) Кыргызстандын булуң-бурчунда жашаган мектеп бүтүрүүчулөрүнө көмөктөшүү үчүн ачылган. Кыргызстандын алыскы айылынан же борборунан болсун, ЖМА каржы жаатынан кысталган, бирок акылдуу жана билими терең жаштарга болуп көрбөгөндөй мүмкүнчүлүк тузүп берет. Бир гана кыргызстандыктар эмес, Борбор Азиянын көпчүлук абитуриенттери Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) окууну кыялданышат. Эгер сиз да БААУнун алдында түзүлгөн ЖМАнын студенти болуп, бекер окууну кааласаңыз, анда ушул күздөн баштап англис тилин жакшы өздөштүрө баштаңыз.

 

Студенттердин окуусуна мыкты шарттар түзүлгөн

 

ЖМАга Кыргызстандын жети дубанынан келген 70 мектеп бүтүрүүчүсүнүн окуу чыгымдары, жатаканасы, үч маал тамак-ашы “МИНА” корпорациясы  тарабынан каржыланат. БААУнун алдындагы ЖМАнын биринчи окуу жылынын башталышы тууралуу аталган академиянын директору Жаннат Хетрик төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Быйыл биз биринчи окуу жылыбызды баштап жатабыз. Студенттердин көпчүлүгү алыскы облустардан чогулса да, окууга болгон каалоолору ушунча чоң экен. Кечээ эле ЖМАнын студенттери жана окутуучулары менен жолуктум. Окутуучулар да “студенттердин окууга кызыгуусу мынчалык чоң болорун күткөн эмеспиз” деп айтып жатышат. Быйылкы окуу жылыбыздын алгачкы эки жумасында академиябыздын студенттери үчүн багыттоо жумалыгы, таланттар сынагы, сыноо сабактары өткөрүлдү. Алар эки жуманын ичинде эң жакшы жыйынтыктарды көрсөткөнгө жетишишти. Менин оюмча, мындай темп менен биздин студенттер мындан да чоң бийиктикти багындыра алышат.

Жаннат айым менен маектешкен соң ЖМАнын сулуулары да жаңы окуу жылынын башталышы тууралуу ой-пикирлерин бөлүшүштү.

 

Асел Калдыбаева:

“БААУнун жаңы технологиялары мени арбап алды”

 

– Мен Ысык-Көл облусунан келгем. Мектепте эле эң мыкты университеттердин биринде окуп, билимдүү болууну кыялданчумун. Эми ошол тилегим орундалды окшойт. ЖМАга келгениме аябай ыраазымын. Анткени баарынан мурун мени БААУнун жаңы технологиялар менен камсыздалган китепканасы арбап алды.

Мурун деле Ысык-Көлдөн райондук, облустук китепканаларга барчумун. А бул жерде баары жаңы технологиялар жана интернет менен камсыздалыптыр. Китепкана десем, башкалар "БААУда окуудан баштары чыкпайт" деп ойлошу мүмкүн. Бирок БААУда жакында мындан башка кошумча курстардын жарманкеси болот. Ал жерден интеллектуалдык деңгээлди жана сүйлөө искусствосун өнүктүрүү тууралуу курстарга жазылайын деп жатам. Кошумчалай кетсем, окутуучулардын окутуу системи да башкача экен. Алар сабак өтүп жаткан маалда окууга болгон каалооң күч алат. Эгер мен ЖМАга келбесем, башка ЖОЖдордон мындай мүмкүнчүлүктөрдү тапмак эмес болушум керек.

 

Алтынай Бактыбек кызы:

“ЖМАда мени окуудан башка эч нерсе ойлондурбайт”

 

– Көпчүлүгүнө белгилүү болгондой, алыскы райондордо сабактар мыкты деңгээлде өткөрүлбөйт, анын ичинде англис тили да бар. Бирок мен алдыма “англис тилин мыкты өздөштүрүш керек” деген чоң максат коюп алгам. Алыскы Токтогул жергесинде жүрсөм да, бир канча долбоорлорго катыштым, англис тилдүү волонтёрлор менен сүйлөштүм. Ошентсе да бул тилди 100 пайызга билем деп айта албайм. Андыктан БААУда англис тилин, тилди гана эмес, башка предметтерди өздөштүрүүгө мыкты шарттар түзүлгөн. Мени ЖМАда окуудан башка эч нерсе ойлондурбайт. Жатакана, тамак-аш, окуум бекер. Андыктан мектеп бүтүрүүчүлөрүнө айтарым, мыкты окуу жайда окугуңар келип, бирок акчаңар жок болсо, ЖМАга келгиле.

 

Тахмина Аманкожоева:

“Бизден өткөн ынтымактуу студенттер жок”

 

– Негедир көпчүлүк жаштардын аң-сезимине “БААУда жалаң гана байлардын балдары окуйт, ал жерде окуш – жөн гана кыял” деген ой орноп калган. Менде да ошондой ой бар болчу. Караколдон ЖМА тууралуу укканда дароо документтеримди топтой баштадым. Өтүп кеткениме азыркыга чейин ишенбейм.  Бул жакка келгенимде башка студенттер тарабынан “тилди начар билесиң” деген басынтуулар болот деп ойлогом. Эки жуманын ичинде ойлорумдун баары өзгөрдү. Бул пафос эмес, бирок БААУнун студенттери акылдуу жана ынтымактуу.

Урматтуу окурман, ЖМАнын студенти болуш үчүн сизде толук мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн азыртадан баштап кийинки окуу жылына чейин англис тилин өздөштүрө бериўиз. Ал эми “ЖМАга кантип тапшыруу керек?” деген суроого толук маалыматты төмөнкү дарек боюнча ала аласыз:

 

Бишкек шаары,

Абдумомунов көчөсү-205

Тел.: (0312) 66-11-13,

(кош.: 249)

www.nga.auca.kg

nga@mail.auca.kg

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028