鶹ý

Кошумча билим берүү бобору жөнүндө

Кошумча билим берүү бобору жөнүндө

8&Բ;октября&Բ;2012

БААУнун аброю неге артып атат?

      Бүтүрүүчүлөрдү быйылкы жылда тестирлеп, мыктыларын ЖОЖдорго кабыл алууда рейтинги эң жогорку окуу жайы катарында БААУ ( Борбордук Азиядагы Америка университети) табылды. Босоголук чекти жогорулатышкандыгына карабастан тестирлөөдө жогорку баллдарды алган бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү ушул университетке тапшырышыптыр. Экинчи орунду КРСУ, үчүнчү орунду Кыргыз-Түрк “Манас” университети ээледи. Ал эми бюджеттик акчанын көбүн алган КУУ төртүнчү орунда калыптыр.

       БААУга  мыкты окуган абитуриенттердин көпчүлүгүнүн  тапшыргандыгынын себеби жөнөкөй. Аны аяктагандар дээрлик адистиктери боюнча жумушсуз калышпайт. Ага окуу жайындагы материалдык техникалык шарттар, окутуунун алдыңкы ыкмаларда жүргүзүлүп, жыйналган  каражаттардын  басымдуу көпчүлүк бөлүгүнүн билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн чыгымдалуусу өбөлгө болуп келе жатат. Алсак, бул окуу жайда  бир жылда бир студентти окутуп, тарбиялоого орто эсеп менен 150 миң сомдой каражат жумшалса, республиканын башка окуу жайларындагы бул көрсөткүч 15 миң сомдон ашпайт. БААУда жыл сайын контракттардан 78 миллион сом каражат топтолот, ал эми калган 170 миллион сомдой каражат гранттардын, демөөрчүлөрдүн эсебинен жыйналат. Кыргызстандагы КУУ, ОшМУ, Медакадемия сыяктуу ж.б. окуу жайларында деле контракттардан,  гранттардан  жүздөгөн миллион сомдук каражаттар  түшкөнү менен алар билим берүүгө алдыңкы ыкмаларды киргизүүгө эмес, басымдуу бөлүгү окутуучулардын эмгек акыларына, оңдоп ремонттоого ж.б. чарбалык иштерге, ар кандай чыгымдарга  жумшалат. Окуу жайлардын жетекчилери жыйналган каражаттардын басымдуу көпчүлүгүн өздөрүнүн ички маселелерин чечүүгө гана жумшап жатышса, анан  кайдан окутуунун сапаты жакшырып, алар даярдаган кадрларга эл чарбасынын суроо талаптары артсын?

         

Илим көңүлдүү жана жөнөкөй болушу керек

Азыркы учурдагы окуу жайларындагы башкы милдет, билим берүүнү мүмкүн болушунча эл чарбасынын муктаждыктарына, жарандардын керектөөлөрүнө, суроо талаптарына шайкеш келтирүү эмеспи. Эл чарбасы талап кылбаган адистин, пайдаланылбаган билимдин жана дипломдун эч кимге зарылчылыгы жок. Мындай учурда Борбордук Азия Америка университетинин  жетекчилеринин гранттардын эсебинен  бир катар борборлорду түзүп, калкка акысыз жана акылуу  колдонмо билим берүүнү уюштуруп жаткандыгы  башка окуу жайлары каржылоону, контракттык төлөмдөрдү  көбөйтүүнү гана талап кылып жаткан  мезгилде аларга үлгү болорлук алгылыктуу саамалыктардан десек болот.  Алсак, жакында БААУда орто мектептердин материалдык шарттары оор бүтүрүүчүлөрүнө  жардам көрсөтүп, аларды мыкты ЖОЖдордо акысыз окутууга  даярдоо боюнча кошумча билим берүү борбору ачылды. Борбордун директору Наталья Сластникованын айтымында,  республиканын жер-жерлеринен үй бүлөлөрүнүн материалдык шарттары оор мыкты бүтүрүүчүлөр иргелип алынып, алар ЖОЖдорго гранттык негизде акысыз окутулууга даярдалат.Эгерде ал долбоор аркылуу өткөн студент кийин мыкты окуса, ага андан кийин да жардамдар көрсөтүлөт. Ошондой эле  студенттер жана ар кандай жумуштарда иштегендерге чет тилдер үйрөтүлүп,  келечекте БААУга  жана чет элдик  TOEFL, SAT, matk, essau  типтериндеги  коллеждерге тапшыра турган бүтүрүүчүлөр, GMAT, GRI, IBT  программаларында магистратураларга тапшыра тургандар даярдаларын,  мындан сырткары ишканаларда, уюмдарда, бизнес компанияларда эмгектенгендер үчүн тилдик, компьютердик, тренингдик жана бизнестик курстар өткөрүлөрүн кошумчалады.                                   

Сапаттуу билим берип, келечектин заманбап кадрларын даярдоодо окуучуларда кенже класстарда билимге, илимге жана ар кандай кесиптерге кызыгууларын ойготуп, туура багыт берип, керектүү маалыматтар жана ар кандай кесиптердин алгачкы тепкичтерин өздөштүрө баштоолорун камсыз кылуунун мааниси чоң эмеспи. Андай курактын өзгөчөлүгү:  ал убакта балдар бир нерсеге чындап кызыкса, аны ошончолук тез өздөштүрөт, ага дагы кызыгуусу артат. Эң негизгиси, андай куракта үйрөнгөндөрү  өмүр бою эстен  чыкпайт. Карап көсөк, улуу сүрөткерлердин, окумуштуулардын адабиятка, искусствого, илимге , техникага ж.б. болгон кызыгуулары негизинен өспүрүмдүк куракта башталган. А.Пушкин 11-12 жашында алгачкы ырларын жазса, Т.Эдисон ошол куракта алгачкы  илимий эксперименттерин жүргүзө баштаптыр. Моцарт алгачкы симфониясын 13 жашында жараткандыгы белгилүү.  Бул жагынан алганда БААУнун аталган борбордун алкагында 10-15-жаштагы балдар үчүн  он багыттан турган программа түзүп, аны ишке ашырып жатуусу  эң жакшы саамалык.  Алсак, жандуу математика деген программасында өспүрүмдөргө жомокторго жана ар кандай кызыктуу окуяларга айкалыштырылып математикалык этюддар, тексттик тапшырмалар чечилет. Алар менен бирге финансисттер, банкирлер үчүн зарыл болгон математикалык билимдердин суммасы да үйрөтүлөт. Мында Нобель сыйлыгынын ээси, окумуштуу П.Капицанын “Илим көңүлдүү, жөнөкөй жана кызыктуу болуусу керек” деген принциби жетекчиликке алынат.

     Азыр жер шарындагы адамдардын миллиарддан ашыгы англис тилинде сүйлөшөт. Дагы андан көп адамдар англис тилин үйрөнүшөт. Азыр дүйнөдө илимий, технологиялык маалыматтардын 80 пайыздан ашыгы англис тилинде таркатылат. Салыштыруу үчүн айтсак, орус тилине илимий, инновациялык маалыматтардын  3 пайыздайы гана туура келет. Демек, азыр англис тилин башталгыч негизде  да болсо билмейинче заманбап адис болуу кыйын. Борбордо өспүрүмдөргө англис тилин үйрөтүүдө аудио, видео материалдар, ырлар, жомоктор, дүйнөнүн кооз жерлери, белгилүү шаарлары менен тааныштыруулар, сөздөрдү эске тутуп калуунун эксклюзивдик ыкмалары  менен айкалыштырылган усулдар колдонулат. Ошондой эле ыкмаларда кыргыз тили да үйрөтүлөт. Бизде адатта орус тилдүүлөр кыргыз тилин үйрөнүүнүн интерактивдүү илимий усулу жок деп көп даттанышат.

Эмне үчүн  Президентке караштуу Улуттук мамлекеттик тил комиссиясы же Улуттук Академиянын тийиштүү институту  же Улуттук университететтегилер мамлекеттик тилди башка улуттардын өкүлдөрүнө үйрөтүү боюнча БААУнун аталган борборундагы тажрыйбаны үйрөнүшпөйт?  

            Билим берүүдө окуучуларга, студенттерге маалыматтардын белгилүү суммаларын жаттатуудан да аларда предметке карата чыгармачылык кызыгууну, жалпак тилге салып айтканда ышкыны, белгилүү деңгээлде көркөм эстетикалык табитти калыптандыруунун мааниси чоң. “Чыгыштын жолборстору” деп аталышкан Жапониянын, Сингапурдун, Кытайдын, Тайвандын, Түштүк Кореянын акыркы чейрек кылымдагы экономикалык жетишкендиктерин иликтеп изилдешкен окумуштуулар алардын сырлары -балдарына бакчалардан, мектептерден көркөмдүк эстетикалык табитти, бардык иштерге чыгармачылык менен мамиле жасоону калыптандыра билишкендигинде деп табышкан. Жапондордун бардыгы эстет. Гүлдөгөн сакураны же карагайдын бир тобурчагын эртеден кечке карап, эстетикалык ырахат алуу, ошондой эле сырттан импорттолгон инновациялык технологияларды тез өздөштүрүү менен гана чектелбестен аларды  оригиналдарынан да кооз, сапаттуу жана арзан  кылып кайра чыгаруу алардын гана колдорунан келет. Дүйнөдө көркөм адабиятты эң көп окуган да ошолор. Алсак, азыр Жапонияда 3 миңден ашык  адабий көркөм журналдар чыгарылат. Эли андан 1,5 эсе көп Орусияда  жүзгө да жетпейт. Өспүрүм келечекте  мыкты адис болуусу үчүн анда билимдердин, маалыматтардын суммалары гана эмес, анда заманбап эстетикалык сын ченем, чыгармачыл ой жүгүртүү да болуусу зарыл экен. Мисалы, көркөмдүк эстетикалык табити өнүккөн жаран ысырапкорчулукка, ыпластыкка, шалаакылыкка, бекерпоздукка кайдыгер карап тура албайт. Дароо кийлигишип, цивилдүү жолго салып жакшыртууга аракеттенет.Оңой менен жаман жоруктарга да барбайт. Борбордун  креативдик кат деген программасы мына ушул максаттарды ишке ашырууга же өспүрүмдөргө китептерди чыгармачылык менен окуганды, ар нерсеге сын көз менен карап,өз алдынча чыгармачылыкта  ой жүгүртө  билүүгө көнүктүрүү боюнча иш жүргүзөт..

Борбор башка ЖОЖдорго үлгү боло алабы?  

Борбордо атайын программаларда балдарга комьютердик тереңдетилген программаларда иштөө, өз алдынча фото сүрөттөрдү жана киносюжеттерди тартуу, менчикке ээ болуу жана аны башкаруу, үй бүлөлүк бюджетти түзүү жана бөлүштүрүү, бизнести өздөштүрүү, телерадио программаларды алып баруу, дискуссияларда өз позициясын коргой билүү, алгачкы укуктук билимдер, кесипкөй няня- тарбиячылык, жети жашка чейинки наристелердин психологиялык өзгөчөлүктөрү,бөтөн үй бүлөлөрдүн өзгөчөлүктөрүнө көнүүнүн психологиялык ыкмалары, наристелерди өнүктүрүүчү оюндар, аларды өз алдынчалыкка көндүрүү жана бош убакыттарын кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүнү уюштуруу да үйрөтүлөт. Келечекте  турмуштан өз ордун тез таап, заманбап адис, активдүү жаран болууну каалагандарга, албетте, булардын бардыгы керек. Азыркы замандын адиси өз кесибинин гана билерманы эмес, ар кандай аудиторияларда өз оюн кыска жана жеткире айта, ошол эле мезгилде өз позициясын да коргой билүүсү зарыл. Бул жагынан өспүрүмдөргө телерадиоберүүчүнүн курсу, ой жүгүртүүнүн эркиндиги деген дискуссиялык клубунун программалары көп нерселерди берет. Дүйнөнүн С.Хонда, Сони, Б.Гейтс, Г.Форд, Морган сыяктуу чыгаан ишкерлеринин өмүр жолдорунун мисалдарында  менчиктин, бизнестин алиппелери жөнүндөгү сабактар да өспүрүмдөрдү кызыктырбай койбойт.

     Булардан сырткары борбордо ишканалардын, уюмдардын кызматкерлерин компьютердик, тилдик даярдоодон өткөрүү  аскер кызматкерлерин жарандык карьераларга адаптациялоого кайра даярдоо, аялдардын саясый лидерлиги жана өзгөчөлүктөрү, улгайгандарды информатиканын жана интернеттин негиздерине үйрөтүү, жогорку окуу жайларында окутуунун чеберчиликтерин өркүндөтүү боюнча да атайын социалдык программалардагы курстар уюштурулган.

      Эң негизгиси, булар  Эл аралык демократиялык институт сыяктуу эл аралык абройлуу уюмдар менен биргеликте, алардын финансалык колдоолору аркылуу  көпчүлүгү  акысыз жүргүзүлүп келе жатат. Салыштырмалуу чакан окуу жайдын өзүнүн кесиптик милдеттерин аткаруу менен гана чектелбестен  жогорудагыдай да иштерди жүргүзүп жаткандыгын көргөндөн кийин “эмне үчүн биздин ЖОЖдор мамлекеттен каражат талап кылганды гана билишет да жогорудагыдай иштерди жүргүзүшмөк түгүл өздөрүнүн кесиптик функцияларын да өз деңгээлинде аткарышпайт?” деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Улуттук заманбап кадрлар америкалыктар үчүн эмес, элибиз, мамлекетибиз үчүн керек го!

      

 

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028