鶹ý

Талгат Субаналиев Антарктикага фото-саякат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

Талгат Субаналиев Антарктикага фото-саякат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду

6&Բ;июля&Բ;2015

Журналистика жана массалык коммуникациялар факультетинин үчүнчү курстагы студенти Талгат Субаналиев фото-сынактын жеңүүчүсү катары тандалды. Талгатка сыйлык катары Антарктикага фото-саякат кылуу мүмкүнчүлүгү берилди. Бул саякатка Борбордук Азиядагы Америка университетинин эски досу жана колдоочусу доктор Херш Чадха демөөрчүлүк кылат.

Жергиликтүү фотосүрөтчүлөрдөн түзүлгөн тандоо комиссиясы менен доктор Чада Талгат тарткан сүрөттү “пейзаж сүрөтүн тартууда мыкты жөндөмдүүлүктөр жана долбоордун эң мыкты көз карашы” категориясында мыкты деп тапты.

Талгат 2015-жылдын декабрь айынан 2016-жылдын январь айынын аягына чейин созула турган Антарктидага саякатта эл аралык фотосүрөтчүлөр тобу менен бирге фотосүрөт тартуу үчүн сапар кылат.

Саякат жана коштоочу чыгымдардын бардыгына берилчү каражаттар сынактын сыйлыгы катары берилет.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028