鶹ý

Берекелүү эмгек жолуна кантип түшсө болот?

Берекелүү эмгек жолуна кантип түшсө болот?

29&Բ;января&Բ;2015

Эмгек жолу ар бир кишинин өмүрүндө чоң орунга ээ. Бул эмгек жолуна кантип түшүш керек? Берекелүү эмгек жолу, башкача айтканда “ийгиликтүү карьера” кандай болот? Эреже катары, кишилердин көбү үчүн ийгиликтүү мансап чоң кирешени, ээлеген кызмат ордунун жогорку мартабасын, ишиңдин пайдалуулугун аңдап түшүнүүнү жана коомчулуктун урматын түшүндүрөт.

Азыр биз жашап жаткан мезгил – өзгөрүүлөрдүн убактысы. Бул мезгил кесипти тандоого, “карьералык өсүш” деген түшүнүккө өз оңдоолорун киргизди. Эгер биз мурда кесипти бир жолу гана тандап, өмүр бою ошол кесип менен жашап келсек, азыркы учурда киши кесибин алмаштыра алат жана алмаштырып турушу керек. “Мансапкор” же “карьерист” деген сөз мурда өтө терс кабыл алынып, “амалкеч” деген түшүнүккө жакын келген. Бүгүнкү күндө кызматтык тепкич менен тез чыгып бара жаткан кишини ийгиликтүү киши деп айтышат.

Азыркы учурда, жаңы, базар мамилелеринде киши кантип ийгиликтүү иштей алат?

Биринчиден, жаш киши кайсы кесиптер көбүрөөк талапка ээ болгонун, эгер базардын талаптары өзгөрө турган болсо, жылдардын өтүшү менен бул абал кантип өзгөрөрүн, кайсы жакын тармактарга өтүп кетсе болорун өзү үчүн аныкташ керек. Азыркы учурда дүйнө бизге көрүнгөндөн тезирээк өрчүп жатат, ар бир мүнөт сайын жаңы ойлор, жаңы кесиптер пайда болууда, андыктан өз көңүлүн бир нерседен башка нерсеге тез бура алган киши заманбап дүйнөдө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Ал артыкчылыктарды аныктап чыгып, аларга көңүлүн койгонду билиш керек – ким болгусу келет, кайсы кесипти тандайт, жогорку квалификациялуу адис болуш үчүн бир кесип жетиштүү болобу, же дагы башка окуу курстарын окуш керекпи деген суроолорго жооп тапканды билиши кажет.

Экинчиден, мисалы куруучу-инженер, өзүнүн спецификалык кесиптик билиминен тышкары, экономика, маркетинг, укукту түшүнүшү керек, баарлаша билиши керек, психология, социологиянын негиздерине ээ болушу керек. Башкача айтканда, ал дайыма билимин толуктап турушу зарыл! Азыркы күндө ишканалар жигердүү, өзгөрүүгө жөндөмдүү жумушчуларды алганга аракет кылышат! Адистиктердин көбүндө кесиптик жөндөмдүүлүктөр көп маалыматты билүүнү талап кылат – базарды, өндүрүмдөрдү, технологияларды мыкты билүү зарыл. Бул маалыматты дайыма толуктап турбаса, жумушчу албетте квалификациясын жоготуп баштайт!

Көптөгөн жаштар бүгүнкү күндө жумуш таба албай жаткандарына даттанышат, ошол эле учурда дээрлик бардык гезиттер, ар кандай веб-сайттар бош жумуш орундары жөнүндөгү жарыяларга жык толгон. Азыр эмгек базарында “парадокс абалы” өкүм сүрөт – жумушсуздук күчөп турган кезде – квалификациялуу кызматкерлердин жетишсиздиги байкалып турат! Өзүм Адам ресурстарын башкаруучусу катары тажрыйбамдан айтсам – коюлган талаптарга ылайык талапкерди тапкыча, орточо бир-эки ай сарпталат! Резюмелерин берген талапкерлердин дээрлик 80 % тандоонун биринчи турунан да өтпөй калышат. Эмнеге? Себеби коюлган талаптарга жооп беришпейт!

Жумуш бергендер ишке алынбагандыгынын негизги себептери катары жаштар өздөрүнүн жаштыгын жана тажрыйбанын жоктугун көрсөтүшөт. Ооба, тилекке каршы, биздин коомдо дагы эле баягы “бул жаш экен, демек тажрыйбасы жок” деген сыяктуу көп сандагы “жалпы кабыл алынган стереотиптер” өкүм сүрүп жатат. Менин оюмча, адамдын жаш курагы анын профессионалдык эффективдүүлүгүнүн негизги критерийи боло албайт – жаштар да, улуулар да бирдей ийгиликтүү же ийгиликсиз боло алышат:

  • Мыкты иштеген, убактын жакшы бөлүштүргөн, дымагы күчтүү болгон – жаштар болот!
  • Мыкты иштеген, ар түрдүү тармактарда чоң тажрыйбасы болгон, муну азыркы талаптарды эске алуу менен керектүү жерде колдоно алган – улуу муундагы кызматкерлер болот!

Чындыгында, кишинин кесиптик жана жеке өздүк ийгилиги биринчи кезекте анын өзүнүн ички мотивациясына, бийик максаттарды койгонго жана аларды ишке ашырганга умтулганына көз каранды.

Ошондуктан, жаштарды алгысы келбеген жумуш берүүчүлөр менен да, жаштыгынан улам жумуш таба албаганына даттанган жаштар менен да макул боло албайм.

Азыркы учурда аз тажрыйбалуу кызматкерлер үчүн жумуш орундары бир топ көбөйдү. Бул жерде мотивация башкы орунду ээлейт. Баштапкы вакансиялар үчүн жумуш берүүчүлөр эмгекке шыктуу жаштарды караштырганга даяр. Көбүнчө билим же тажрыйба деле маанилүү эмес, эң башкысы иштөөгө, ишканага пайда алып келүүгө болгон каалоо абдан маанилүү. Эгер тажрыйбасыз кызматкер тийиштүү компетенцияларга, жумуш берүүчү баштапкы маалда күткөн, акыл-эске сыярдык сапаттарга ээ болсо, мындай кызматкерге жакшы мамиле жасалат.

Жаш кызматкерлер эмнеси менен артык:

  • Биринчиден, алар тез үйрөнүшөт, ар түрдүү семинарларга, тренингдерге чын көңүлү менен катышат, жаңы маалыматтарды тез өздөштүрүшөт.
  • Экинчиден, алар тилдерди жана жаңы технологияларды бат үйрөнүшөт.
  • Үчүнчүдөн, алар активдүүрөөк жана жумушка жөндөмдүүрөөк келишет, аларда натыйжалуу иштөө, көп акча табуу, карьераны куруу мотивациясы так даана көрүнүп турат!

Башкача айтканда, жаштык чыгармачылык менен тыгыз байланышкан, бул ишкана үчүн абдан маанилүү! Статистикалык маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө көптөгөн ийгиликтүү компаниялар өз коллективдерин “жашартып” жатканы көрүнүп турат!

Ал эми улуу муундагы кызматкерлер эмнеси менен артык:

  • Биринчиден, алар ишкананын ичиндеги иш процессин дээрлик толугу менен билишет.
  • Экинчиден, тажрыйбалуу болгондуктан алар мыкты аналитиктер.
  • Үчүнчүдөн алар потенциалдуу даанышмандар, кеңешчилер болушат.

Көптөгөн ийгиликтүү компаниялар билимдүү, тажрыйбалуу жумушчуларды жаш адистерди окутуу жана аналитикалык иштерди жүргүзүү үчүн пайдаланышат.

Жаш адистер окуусун бүтүргөндө, кичине болсо да, кантип эмгек тажрыйбалуу боло алышат? Жооп – мүмкүн болушунча эртерээк иштеп башташ керек – студенттик мезгилде убакытты жакшылап бөлүштүрүп, мисалы убакыттын 80 % окууга, 20 % жумушка арнап, тажрыйбага ээ болсо болот. Котормочу, ыктыярчы (волонтёр), жардамчы катары иштесе болот. Студент ыктыярчы болуп иштегенде деле кандайдыр бир жөндөмдүүлүктөрдү алып чыгат. Жыл сайын убактын жакшылап бөлүштүрүп, мындай студент жогорку окуу жайды аяктаганда кошумча кесиптик ыкмаларды үйрөнүп алат!

Мына бул жерде БААУ студенттерин белгилеп кетким келет. БААУ кайталанбас студенттери, окутуучулары, кызматкерлери болгон кайталанбас университет болуп саналат. Менимче, биздин студенттердин көпчүлүгү экинчи курста эле убакыт бөлүштүргөндү мыкты өздөштүрүп, ар түрдүү долбоорлордо иштешет, ыктыярчылык ишмердиги менен алек болушат. Университеттин ичинде да иштешет. Окуу жайдын ички саясатына ылайык, жылдык орточо баасы жакшы болгон студент, университетибиздин бардык кеңселеринде жардамчы катары иштей алат. Бул иш жүзүндө тажрыйба алуунун мыкты мүмкүнчүлүгү. Мындайча практикалык эмгек тажрыйбасын алуунун жана резюмеңизде бул жөнүндө эскертүүнүн бир жолун тапкан болуп жатабыз. БААУ студенти иштөө аркылуу төмөндөгүлөргө ээ болот:

  • Коомчулук менен байланыштар кеңсесинде иштесе – байланыш түзүү, ар түрдүү иш-чараларды даярдоо, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарында баяндап берүү боюнча чоң тажрыйбаны алат.
  • Адам ресурстарын башкаруу кеңсесинде иштесе – кадрлар менен иштөөдө көнүгөт.
  • Визалар боюнча координатор менен иштесе – визалар боюнча бардык саясаттарды жана процедураларды үйрөнүп чыгат.

БААУ студенттери бул практикалык тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгүн толугу менен пайдаланышат. БААУ студенттеринин эмгекке шыктуулугуна, кайраттуулугуна суктануу менен гана карай аласың.

Маегибиздин темасына кайтып келсек, жогоруда айтылгандай эле, дагы бир жолу баса белгилейин – кишинин кесиптик жана жеке өздүк ийгилиги анын ички мотивациясына гана көз каранды!

Көп жылдык тажрыйбама жана жеке байкоолорума таянып, жумушчуларды эки топко бөлүштүрөм:

  • Биринчи топ – өзүнүн көңүлү, ички мотивациясы менен алдыга озуп чыккан жумушчулар, алар башкаларды өзүнүн аркасынан тартып, ой-пикирлер менен чаркырап, жумушка чоң кызыгуу, күчтүү дем менен келишет, дайыма өздөрүн өнүктүрүп турушат. Катардагы кызматкерлерден жаркын жол башчыларга чейин өсүшүп, мыкты башкаруучуларга айланышат. Бир иште ийгиликке жеткенден кийин, ордунда турбай, жаңы долбоорлорду иштеп чыгышат, аларды ишке ашыруу үчүн керек болгондо кошумча билим алышат. Мындай кызматкерлер дайыма акыркы жаңылыктарды билишет. Ар түрдүү долбоорлорго, тренингдерге жигердүү катышып жүрүшөт. Ишти майын чыгара аткарышат. Башкача айтканда, “өзүн өзү жасаган” кишилер болушат!
  • Экинчи топко – өз милдетин жакшы аткарган, бирок көңүлсүз, кээде ийгиликсиз аткарган жумушчулар кирет. Мен мындай кишилерди “техникалык” же “кадыресе, көмүскө” жумушчулар деп аныктайм. Мындай кызматкерлер менен иштешүү кыйын! Аларды дайыма эскертип, айтып, артынан кубалап, текшерип туруш керек. Жетекчи мындай кызматкерге дем бергенге кандай аракет кылса да – ал роботко окшоп бир калыпта ишин кылганды уланта берет. Эреже катары, ишканалар мындай кызматкерлерден кутулганга аракет кылышат.

Кызмат жолунда дагы бир маселе бар. Эгер бир эле кызматта 2-3 жыл иштеп, иш ордунда өзүңөрдү жайсыз сезсеңер, милдеттериңерди ак ниет менен аткарган күндө да, кызматтык тепкичтен да, айлык эмгек акыдан да жогорулабасаңар – эмне кылыш керек? Азыркы учурда карьералык өсүүнүн мөөнөтү да кыскарды – эгер мурда кызматкер 5-7 жылда өз ишинин устасына айланса, азыр жакшы кызматкер 2-3 жылда мыкты адиске айланат. Башкача айтканда, кесиптик жактан өзүңөрдөн майнап чыкпай жатканын сезип жатсаңар, иш процессинде көптөгөн нерселер жакпай жатса, ишканада көтөрүлүүнүн күнүн көрбөй турсаңар – анда жумушту алмаштыруунун мезгили келди. Азыркы киши эмгек жолун бир эле ишканадан көрбөйт - өмүр бою бир ишканага берилип иштеген мезгилдер эбак кеткен. Азыркы кишилер кызыктуу, ар тараптуу жумушка умтулушат, психологдор дагы 3-5 жылда бир жолу жумушту алмаштырууну сунушташат.

Өзгөрүүлөрдөн коркпоону кеңеш кылам. Жыл сайын жаңы кесиптердин саны өсүп келе жатат. Эмгек базары өтө тез өзгөрүп жатат. Өмүр бою окуганга – квалификацияны жогорулатканга, окшош кесиптерди өздөштүргөнгө даяр болгула. Ээлеген кесип менен жаңы кесипти өздөштүргөнүңөр силерди баалуу адиске айландырат. Ишенип коюңуз, билим ашыкча болбойт. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, бардык алган кесиптериңиз, турмуштун күтүлбөгөн абалдарында дайыма пайдалуу боло алат. Айлана-чөйрөдө эмнелер болуп жатса да, адам билимин эч качан жоготпойт. Билим, ык, эп, компетенциялар – өмүр бою сакталган, акылдуу кишиде көбөйгөн байлык болуп саналат. Акчаны, мүлктү жоготуу мүмкүн, ал эми билим эч качан жоголбойт. Бенджамин Франклин: “Башка салынган акча эч качан күйүп кетпейт” деп айткан. Ошондуктан, бүгүн ийгиликтүү болуш үчүн – өжөр болуш керек, азыр окуунун жана кайрадан окуунун мезгили экенин, эң башкысы өзгөрүүлөргө ачык болууну эстеп жүрүү зарыл. Жаңы нерсени өздөштүрө билүү – өнүктүрүлө турган сапат болуп саналат. Колдогу маалыматтын негизинде эң мыкты чечимди чыгаруу жана милдеттерди аткаруу жөндөмдүүлүгү натыйжада силердин турмуштук жолуңарды жана кесиптик, коомдук, жеке жашоодо өзүңөрдү бутка тургуза билүүнүн деңгээлин белгилейт. Ийгиликтүү карьеранын мыкты формуласы – өзүңөрдү “дүркүрөп күйгөн кыймылдаткычка” айландыргыла, силерге ыракат алып келген жана бул ыракат үчүн чоң акча төлөнгөн жумушту тапкыла! Ийгилик!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028