鶹ý

БААУда Орус адабий классикасы боюнча чыгармачыл кече

БААУда Орус адабий классикасы боюнча чыгармачыл кече

25&Բ;февраля&Բ;2014

БААУда Орус адабий классикасы боюнча чыгармачыл кече

 

2014-жылдын 7-февралында БААУ башкы имаратынын 403-бөлмөсүндө орус классикасы боюнча чыгармачыл кече иш-чарасы уюштурулган. Кеченин программасында бир гана чыгарма – А.П.Чеховдун “Юбилей” комедиясы болгон. Актёрлор – сахнага биринчи жолу чыккан, биринчи курстун студенттери, алардын көпчүлүгү Жаңы муун академиясынын бүтүрүүчүлөрү.

 

Мындай кечелер мурда деле өткөрүлүп келген. Бул иш-чараны өткөрүү жакшы салт болгону менен, унутулуп калган. Ошондуктан, биздин студенттер “Орус тили” программасынын окутуучуларынын жетекчилиги астында бул салтты кайрадан жандандырганын көрүү абдан жагымдуу болгон.

 

Долбоордун жетекчиси, “Орус тили” программасынын окутуучусу Сарыгулова Анар Исламовна айткандай, бул кечени даярдоо үчүн эки ай сарпталды. Уюштуруучулардын жана кеченин катышуучуларынын (Адылбек кызы Алина, Бадалова Нафиса, Дубаев Адилет, Ибраимов Назим, Мирзоев Умед, Мейманалиева Элиза, Набиев Шумкар, Нуркан кызы Мээрим, Эдильбеков Нурсултан) астына чоң иш коюлган. Алардын бардыгы бул ишке баш оту менен киришкен, өзгөчө актёрлор чоң түйшүктү мойнуна алышкан. Бирок алар эч нерседен коркушкан жок, тоскоолдуктарга мүдүрүлбөй, коюлган милдетти так аткара алышты.

 

Оюнду көрүүгө жана  дебютанттардын ишине баа берүүгө көп сандагы көрөрмандар келишти.

 

Студенттердин оюнуна татыктуу баа берилди, көрөрмандар ордунан турушуп, кол чабууларын көпкө узатышты. Кече соңуна жеткенден кийин көрөрмандар өз ой-пикирлери менен чын көңүлү менен бөлүшүштү. Алардын кээ бирлери төмөндө көрсөтүлгөн:

 

Жанат Хетрик, ЖМА программасынын мүдүрү: “Чын айтсам, абдан таң калдым. Студенттер жогорку чеберчилик менен, табигый түрдө оюн көрсөтөрүн күткөн эмесмин. Бардык оюнчулар көркөм образдарына терең киришиптир. Мен алар көрсөткөн оюнду даана элестете алдым. Бул студенттер мен үчүн абдан жакын, мен алардын бардыгын жакшы тааныйм. Бирок ошол кечеде мен аларды башка кейпинде көрдүм. Чоң ырахат алдым. Пьеса өтө шаңдуу болуп, оң мүнөздөгү эмоцияларга толгон.

 

Мен биздин программага чындыгында эле өнөрлүү балдарды алганыбызды билдим. Бирок алардын өнөрү канчалык күчтүү экенин биз билбептирбиз. Программаны бүтүргөндөн кийин, алар өздөрүн жаңыдан ачып, табылгаларын бизге көрсөтүп жатышат. Биз абдан ыраазыбыз. Муну менен бардык жетишкендиктер бүтүп калбаса болду. Алар бизди чоң олжосуна агытып, тузагына салып, делебебизди козгоп коюшту. Эми биз мындан да мыкты оюнду, жаңы пьесаларды, жаңы актёрлорду эңсеп отурабыз. Бул иш токтотулбай, улантылышы зарыл”.

 

Ангелина Попова, “Digital literacy” (Санариптик сабаттуулук) программасынын окутуучусу: “Мен орус тилди начар билгениме жана айтылган сөздөрдүн көбүн түшүнбөй калганыма карабастан, бул оюн мага абдан жакты, кече абдан жакшы өттү. Студенттер чоң ишти аткарышты. Башында толкунданып жаттым, анткени оюнчулардын бирөөсү өзүн жоготуп жатты. Бирок оюндун жүрүшү менен, ал тынчсызданганын токтотуп, оюнду мыкты түрдө бүтүрдү”.

 

Суйналиева Азиза, “Антропология” багытынын студенти, 1-курс: “Көрөрмандардын арасында болуп, актёрлорду байкап отурдум, алардын оюнуна таң калдым. Чыгарманын сюжетин жакшы билем, бирок ага карабастан менин кызыгуум жоголгон жок, оюнду көрүп отуруп, абдан ыракаттандым, эл менен чогуу күлкүгө баттым. Кеченин уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирем!”

 

Осмоналиева Салима, “Экономика” багытынын студенти, 3-курс: “Биринчи курстун студенттери койгон “Юбилей” спектакли мага абдан жакты. Бул күнү менин көп ишим болгон, мен чарчап, уйкусурап келгем. Бирок 40 мүнөттүн ичинде уйкум кайда жоголгонун да билбей калдым! Уйкусураган абалда кала албай калдым, себеби абдан күлкүмүштүү учурлар абдан көп болгон! Бирок мен бул ырахат көпкө узабай койгону үчүн капа болдум. Анара Исламовнага жана биринчи курстун студенттерине көңүлдү көтөргөндөрү үчүн чоң рахмат!”

 

Пол Рэйденхаузен (Paul Radenhausen), англис адабияты боюнча окутууучу, “Жибек жолу” эл аралык мектеби (Silk Road International School):

БААУ Орус тил кафедрасы тарабынан даярдалган А.П.Чеховдун “Юбилей” чыгармасынын сахнага коюлган оюнду көрүүдөн чоң ырахат алдым. Актёрлор үчүн орус тили эне тили болбогонуна карабастан, бул тилди мыкты билгендерин көрсөтүштү, чет элдик киши катары, менин көңүлүмдө бул оюн өтө терең из калтырды. Бирок студенттердин орус тилди мыкты билгендиги, актёрлук чеберчиликтин жалгыз көрсөткүчү болгон жок, студенттер оюнга бардык күч-кубатын, жигердүүлүгүн арнап, толугу менен берилишти. Оюнчулардын бирөөсү тилден жаңылып алгандыгы да, оюнду бузган жок. Орус тили эне тили болбогондугу менен, студенттердин орус тилин таза сүйлөгөнүн угулуп жатканы ишенилбес болуп жатты. Мындайча алардын орус тилин мыкты үйрөнгөнү жана оюнга даярдыгы далилденүүдө. Мен бул оюнду көргөндөн, тилди үйрөнгөндөн ырахат алдым.

 

Бутлевич Ольга, “Социология” багытынын студенти, 1-курс:

Бул сахнадагы оюнду көрбөгөн өкүнүшү мүмкүн! Оюнду уюштургандарга терең ыраазычылык билдиргим келет. Мындай мыкты оюнду көрөрүмдү күткөн эмесмин. Биздин студенттер мыкты оюнду көрсөтүштү. Алар адабий классикага өзүнүн кайталанбас өзгөчө салымын кошушту. Бул оюнда жаңы жаралган таланттар БААУнун болочок көркөм чеберлерине, актёрлоруна сөзсүз түрдө үлгү болуп беришет. Орус классикасынын кийинки кечесине катышууну чыдамсыздык менен күтүп жатам!

 

Бет ачар ишке ашырылды. Мындай классикалык форматтагы кечелер дагы уланарына ишенебиз. Бул кеченин уюштуруучуларын жана оюндун бардык катышуучуларын мыкты аткаруу менен куттуктайбыз, аларга чыгармачыл ийгилик каалайбыз!

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028