鶹ý

Бенжамин В. Сливка

Бенжамин В. Сливка

25&Բ;февраля&Բ;2014

Бенжамин В. Сливка Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин 2014-жылдагы диплом тапшыруу жана илимий даража ыйгаруу салтанатына катышат.

 

Технология, инвестиция жана кайрымдуулук жаатында иш жүргүзгөн, дайыма билим алууга көзү күйгөн Бенджамин В. Сливка мырза Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин 2014-жылдын 31-майында диплом тапшыруу жана илимий даража ыйгаруу салтанатында башкы докладчы катары баяндама жасайт. Сливка мырза АКШда Вашингтон штатында Сиэтл шаарынын чет жакасында жашайт. 14 жыл “Майкрософт” компаниясында иштеген, ошондой эле “Amazon.com” жана “IBM” компанияларында эмгектенген. “Майкрософтто” OS/2, MS/DOS 6 жана Windows 95 операциялык системаларынын үстүнөн иштеген, ошондой эле Internet Explorer программасын иштеп чыга турган топ түзүп, анын жетекчилиги астында 1996-жылы Internet Explorer 3.0 даярдалган. Мындан тышкары ал LAN – жергиликтүү тармак технологиясын жөнгө салып, FAT32 файлдык системасын сунуштаган. Win32 API спецификациясын иштеп чыккан топту жетектеген, CAB-файлдарды иштеп чыккан. Өзүнүн 1995-жылы кызматтык катында “Тармак (Internet) – бул кийинки платформа” деп жазган сөзү, Виндоус программасы эмес, Интернет тармагы программалык жабдуунун өнүктүрүлүшүнө себепкер болорун так белгилеген. 2000-жылы Сливка мырза Amazon.com компаниясында кызматын таштагандан кийин, ал өзүнүн көңүлүн “периште” инвестицияларына (жаңы түзүлгөн компанияларга, же башка өтө тобокелдүү долбоорлорго) жана билим берүүдөгү реформаларга бурат. 2006-жылы, билим берүүчү программалык жабдууну өндүрүү менен иш алып барган “DreamBox Learning” компаниясынын уюштуруучуларынын катарында болгон, бул ишкана 2010-жылы Netflix компаниясынын аткаруучу мүдүрү Рид Хастингске сатылгандан кийин дагы, бүгүнкү күнгө чейин компаниянын инвестору бойдон калган. 1997-жылы Сливка мырза жубайы Лиза менен “Wissner-Slivka Foundation” фондун түзүшкөн. Фонд негизинен билим берүүгө колдоо көрсөтүү менен алектенет. 1998-жылы Сливка мырза АКШ Түндүк-батыш университетинин (Northwestern University) камкорчулар кеңешине мүчө болуп кирген, бул окуу жайда ал ишкер студенттерге кеңеш, көмөк берүү менен убактысын өткөрөт. Түндүк-батыш университетинде 1980-жылдардын башында Компьютердик илимдер боюнча табигый илимдердин бакалавры (BS) жана магистри (MS) илимий даражаларына, колдонмо математика боюнча табигый илимдердин бакалавры илимий даражасына ээ болгон. БААУ Президенти Эндрю Вахтель: “Бен окутуучуларыбыздын ага БААУ Ардактуу профессорлук наамын берүү сунушун кабыл алганына, студенттер үчүн диплом тапшыруу жана илимий даража ыйгаруу салтанатында билдирүү менен чыгарына абдан сүйүнүп жатам. Биз бүтүрүүчүлөрүбүздөн эмнени күтүп жатканыбызды Бен так даана чагылдырат. Ал алган билимин бир гана өзү үчүн эмес, дүйнө элинин пайдасына да колдонгон. Программалык жабдууну өндүрүү ишинде бийик чокуларга жетип, ал өзү жашап жаткан коомду жакшыртуу ишмердигине киришкен. Мындан тышкары ал ак таңдай чечен, терең ой жүгүрткөн киши болуп саналат, өтө ылдам өзгөрүп жаткан дүйнөдө өзүнүн келечегине болгон көз карашын баамдоого, тилегине умтулууга дем берет деп ишенебиз”, деп билдирди. Ал эми Сливка “БААУ студенттери жана бардык жамааты менен өз ойлорумду бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонум мен үчүн чоң сыймык. Акыркы төрт жылда көп саякаттарда болдум, БАЭ, Франция, Германия, Индия, Япония, Катар, Швейцария сыяктуу өлкөлөргө баргам, Борбордук Азияга биринчи жолу барам. Кыргызстандын тарыхы, эли, маданияты жөнүндө көбүрөөк билгим келет. Бул жерде көрүп билгендерим кызыктуу жана пайдалуу болот деп эсептейм”,-деп айтты. Борбордук Азиядагы Америкалык университеттин 200дөн ашуун студенти бул жылы, 18- диплом тапшыруу жана илимий даража ыйгаруу салтанатында бүтүрүүчү болуп чыгышат. Булардын бардыгы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилиги тарабынан аккредитацияланган, кыргыз үлгүсүндөгү, ошондой эле 75 пайыз Нью-Йорктогу Бард Колледж тарабынан аккредитацияланган америкалык үлгүдөгү диплом алышат.

<<

Борбордук Азиядагы Америка университети
Аалы Токомбаев көчөсү 7/6
Бишкек, Кыргыз Республикасы 720060

Тел.: +996 (312) 915000 + ички.
Факс:+996 (312) 915 028